7-январга чейинки Жалал-Абаддагы аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖайыттагы жылкылар. Архив
Жайыттагы жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Жазылуу
Апта бою жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
1-2-январда кар жаабайт. 3-4-январда айрым жерлеринде жаан-чачындуу болуп, 5-январда күн ачылат.
6-7-январда дагы тоолуу райондордо кар жааганы менен өрөөндөрдө жаан-чачынсыз болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Кол чатырга кар түшүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Келе жаткан аптада Ошто аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0