Жаңы жыл түнү ашыкча тамак жеп жанды кыйнаба! 7 кеңеш

© Фото / Pexels / Nicole MichalouЖаңы жылдык майрам учурунда адамдар. Иллюстративдик сүрөт
Жаңы жылдык майрам учурунда адамдар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Жазылуу
Жыл жыйынтыкталып, адамзат жаңы жылдын босогосунда турат.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Жаңы жыл — дүйүм тамак, жайыл дасторкон менен байланышкан майрам. Бирок дарыгерлер ашказанды кыйнап алуудан жана уулануудан сак болууну эскертишти.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова майрам алдында төмөнкү кеңештерге токтолду:
Ашыкча тоюп албаңыз. Тамакты көп жеп алганда ашказан-ичегилерге гана эмес, боор, бөйрөк, жүрөк жана башка органдарга да күч келет.
Суу балансын көзөмөлдөө зарыл. Сууну көп ичүү менен организмди калыбына келтирсе болот. Күнүнө дененин 1 килограмм салмагына 30 миллиграмм суу ичүү туура.
Кечки тамакты саат 18:00дөн 20:00гө чейин ичкенге аракет жасаңыз. Ал эми түн жарымда, Жаңы жылды тосуп жаткан учурда организмге күч келтирбөө үчүн жеңил эле азыктардан анча-мынча ооз тийип койгон жакшы.
Майонез кошулган салат — бул бат бузулчу салат. Ууланып калбаш үчүн мындай салаттарга майонезди дасторконго коердо гана кошуңуз. Негизи мындай оор салаттардан баш тартып деле койгон туура.
Коён жылында дасторконуңузда ашкөк көп болсун.
Майрамдагы негизги тамагыңызды бууга же духовкага бышырууну сунуштайм. Анда витаминдер, микроэлементтер сакталып калгандыктан ден соолукка пайдалуу болот.
Дарыгер кеңешинин соңунда тамакка ууланган учурда дароо адистерге кайрылуу керектигин эскерткен.
Белектерди тапшыруу учурунда кесиптештер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жаңы жылда кесиптештерге кандай белек берсе болот? Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0