Шып менен дубалда чуркаган төрт буттуу робот. Видео

Жазылуу
Буттары магнит болгон Marvel аттуу роботту кореялык инженерлер иштеп чыккан.
Science Robotics басылмасындагы маалыматка ылайык, роботтун вертикалдуу беттердеги ылдамдыгы секундасына 0,7 метрге, ал эми шыптагы ылдамдыгы 0,5 метрге жетет. Робот туурасы 10 сантиметрге, бийиктиги беш сантиметрге чейинки тоскоолдуктардан өтө алат.
Роботтор көбүнчө өнөр жай объектилерин жана инфраструктура курулмаларын текшерүүгө тартылууда. Бийиктикте иштөөдө дрондор колдонулат. Мультикоптердин учуу убактысы жана жүк көтөрүмдүүлүгү өтө чектелген, ошондуктан инженерлер бийиктикте иштей алган оор роботторду колдонуунун жолдорун издеп жатышат.
Marvel шыпта үч килограмм жүк менен кыймылдап жүрө алат, буга буттары жакшы ылайыкталып жасалган.
Тема боюнча:
Тамак жасайт. Tesla адам сымал Optimus роботторун көрсөттү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0