Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Алар согуша албайт". НАТОдогулар эң эле чабал өлкөнү аныкташты

© AP Photo / Martin MeissnerГермания аскери. Архивдик сүрөт
Германия аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2023
Жазылуу
Батыштын абройлуу басылмаларынын жоон тобу бундесверди кескин сынга алган материалдарды биринин артынан бири жарыялады. Көп нерсеге – Украинага жетишсиз көлөмдө көмөктөшкөнүнөн тарта согушууга жөндөмсүз экенине дейре айыпташты.
Эмне үчүн Берлин союздаштарына жүк болуп жатканын Андрей Коц талдап көргөн. Аскерий серепчинин РИА Новости сайтына жарыяланган кезектеги макаласы германиялык бундесвердин абалына арналган.

Пайдасынан машакаты арбын машина

Германияда жарандык да, аскердик да машина куруу тармагы абдан күчтүү экени белгилүү. Немец автомобилдери жана аскер техникасы узак жылдар бою мыкты сапаттын үлгүсү болгон. Анткен менен Rheinmetall концернинин адистери соңку иштелмесин кынтыксыз деңгээлге жеткире алышкан эмес. Аскер күчтөрү Puma пехота машинасы менен 2015-жылы куралданган. Армия үчүн 350 бирдик даярдалган.
Бул пехота машинасы дүйнөдөгү эң оор, эң кымбат бирдиктерден. Кагаз жүзүндө анын тактикалык-техникалык мүнөздөмөсү кыйла таасирдүү. Салмагы 43 тоннаны түзөт. Маңдайкы ок өткөрбөс бөлүгү 45 миллиметрдик дүрмөткө туруштук бере алат. MUSS активдүү коргоо комплекси, ыкчам ок атуучу 30 миллиметрлик автоматтык замбирек, 1088 ат күчүндөй кыймылдаткыч менен жабдылган. Шосседе саатына 70 чакырым ылдамдыкта жүрөт.
Экипажы үч кишиден туруп, ал эми десанттык бөлүгүнө алты жоокерге чейин батат. Ок атуунун заманбап тутуму таамай, бөлүктүн бөлөк техникалары менен да дурус айкалышат. Бирок машинанын мандемдери качан алар аскер күчтөрүнө берилгенде байкала баштаган. Алар ондоп саналып, техникалык кызматты бир топ көйгөйгө салган.
Жакындагы эле машыгууларда иш-чарага катышкан бардык, тагыраагы, 18 Puma пехота машинасы ар кандай себептерден улам жарактан чыккан. Көбүнесе буга мунарасынын буруу механизминин мандемдери, "токтоп калчу" замбиреги жана электроникасынын мүчүлүштүктөрү себеп болгон.
Машиналардын биринен айдоочунун кабинасында өрт чыккан. Натыйжада Берлиндегилер сатып алуудан убактылуу баш тартууну чечишкен. 2024-жылдын январында жанагы 18 Puma пехота машинасы НАТОнун Жогорку даярдыктагы ыкчам тобунун (VJTF) — альянстын көп улуттуу негизги бөлүгүнүн курамына киргизилмек. Бирок мындай окуядан соң бундесвер командачылыгы аскердик окууда 1970-жылы куралданууга алынган Marder машиналарын катыштырууну туура көрүшкөн. Анткен менен андай чечим Вашингтон менен Брюсселдин көңүлүнө жакпаганын боолголой берсек болот.
Россиянын борбордук банкы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2023
Батышта Россия экономикасынын бекемдигинин үч себеби айтылды

Артиллериянын жетишсиздиги

Дагы бир маселе — стволдук артиллерия корунун азайышы. Германия Коргоо министрлигинин The Times басылмасына жарыяланган маалыматына таянсак, 155 миллиметрлик калибрдеги өзү жүрүүчү 121 даана PzH 2000 гаубицанын үчтөн эки бөлүгү (80дин тегерегиндеги) аскер кызматына жараксыз.
Андан тышкары Украина Куралдуу күчтөрүнө берилген 14 өзү жүрүүчү артиллериянын алты бирдиги тетиктеринин жетишсиздигинин айынан эмитен эле Литвага ремонтко жөнөтүлгөн.
Европалык гаубицалар согуштук аракеттердин ыргагына туруштук бере албастан, ресурстарын бачым түгөтөт. Суук түшкөн маалда пайдалануу үчүн атайын күйүүчү-майлоочу материалдар да тартыш. Украиналык кампалар азыр да толуп турган советтик күйүүчү-майлоочу каражаттар аларга жарабайт.
Донбасстагы азыркы кырдаалдан жана фронтту жабдуунун кыйындаганынан улам кайсы бир убакта украиналык артиллеристтер Батыштын замбиректеринен куру жалак калары ажеп эмес.
Бундесверде ок-дары жагдайы да оор. Die Welt гезити армияга дүрмөттөр тынымсыз жүргөн согуштук аракеттердин бир нече күнүнө гана жетерин эсептеп чыккан. Дароо толуктоо мүмкүн эмес, коргоо өнөр жайы 155 миллиметрлик калибрдеги бирдиктерди жапырт чыгарууга ылайыкталган эмес.
Кырдаалды сырьёнун таңсыктыгы да татаалдантат. Дүрмөт өндүрүүгө зарыл болгон пахта буласын Германия Кытайдан алчу. Бирок КЭР өткөн жылдын декабрында кезектеги партияны белгисиз себептерден улам токтоткон. Бундесвердегилер да акыркы айларда бул материалды даярдоонун убактысы да үч эсе узарганын моюнга алышты.
Россиялык атайын аскердик операция. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык атайын аскердик операция: 2022-жылдын жыйынтыгы

Учак жана адистердин тартыштыгы

Spiegel басылмасы куралдуу күчтөргө курал-жарак жана техниканын бардык түрлөрү жетишпей жатканын жазды. Кургактагы күчтөрдүн согушка даярдыгы 41 пайызды гана түзөт. Мурда Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгы коргоо министрине көп буталуу 77 NH-90 тик учагынан 44ү гана салыштырмалуу жарактуу, ал эми согушка толук даяр бирдиктердин саны болгону — тогуз.
Сокку уруучу "Тигр" тик учактарынын абалы деле анчалык айырмаланбайт. Сатып алынган 53 машинанын 36сы эле жарактуу, майданга чыгууга даяры — 12. "Тигр" бундесвердин чет өлкөдөгү ар бир операциясында сөзсүз колдонулмак, себеби ок атып коштоодо бул негизги тик учак эмеспи.
93 "Торнадо" бомбалоочусунун ичинен аскер күчтөрүндө – 57, ал эми согушка даярдыкта турганы — 20. Бул эбак эскилиги жеткен үлгү. Бирок ФРГ коалициялык өкмөтүндө алигүнчө анын "мураскерин" сатып алуунун зарылдыгы барбы-жокпу деген маселе катуу талкууланып келет.
Германиянын Социал-демократиялык партиясы америкалык аба техникасын сатып алууга караманча каршы. "Торнадо" бирдиги реактивдүү учактардын үчүнчү муунуна кирет, куралданууга 1980-жылы кабыл алынган. Дал ушул машина – Германияда жайгаштырылган америкалык өзөктүк бомбалардын штаттык ташуучусу. Согушуу жөндөмүнө, айрыкча авиация, артиллерия жана кибер-бөлүктөрдө дасыккан кадрлардын жетишсиздиги да катуу таасир этет.
ФРГ күчтөрүнүн ар бир бөлүгүндөгү адистердин таңсыктыгы 21 миң кишиге жетет. Коргоо министри Кристина Ламбрехт үйүлүп калган көйгөйлөрдү кантип чечери да азырынча түшүнүксүз.
Германия өнөр жай тармагы мурда Россия камсыздап келген арзан энергетикалык ресурстардан түздөн-түз көз каранды. Москвага каршы экономикалык санкция салуу менен Берлин өз армиясынын абалын солгундатып алды.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кадыров Украинадагы операциянын катаал этабына даярданып жатканын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0