Эндокринолог түнкүсүн шире жана газдалган суу ичпөөгө чакырды

© Sputnik / Владимир ТрефиловШире. Архивдик сүрөт
Шире. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2023
Жазылуу
Дарыгер түнкүсүн кофе менен көкчай ичүүгө болбой тургандыгын айткан.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Түнкүсүн таттуу суусундуктарды ичүү организмдеги суюктуктун бөлүнүп чыкпай кармалып турушуна алып келет. Бул тууралуу эндокринолог жана диетолог Наталья Лазуренко "Известия" басылмасына берген маегинде билдирген.
Адис түнкүсүн газдалган суу ичүү oрганизмди шишитерин айткан. Мындан тышкары, Лазуренко эмне үчүн ашыкча салмак, гастрит жана кант диабети менен ооругандар түн ичинде шире ичпөө керектигин түшүндүрдү.
“Ширелер жогорку деңгээлде иштетилген продукт. Ал дароо канга сиңип, кандын деңгээлин кескин жогорулатат, ошонусу менен инсулинди бөлүп чыгышын тездетет”, — деген дарыгер.
Анын айтымында, түнкүсүн кофе менен көк чай ичүүгө болбойт. Анткени алар дофаминдин жана көңүлдүн тынч болуп жүрүшүнө жооптуу башка гормондордун деңгээлин төмөндөтөт. Дарыгер түнкүсүн чайдын ордуна чөптөрдү жана жылуу сууну ичүүнү сунуштаган.
Стаканга суу куюу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Кышында дагы суу ичип туруу керек. Нутрициолог кесепетин айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0