Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн канча ун жана буудай сатып алары айтылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКаптагы ун. Архив
Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлиги өлкөнү буудай менен толук камсыздай албайт, мындан улам импортко басым жасалат.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстан буудайдын басымдуу бөлүгүн Россиядан, калганын Казакстандан сатып алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына анализ жүргүзгөндө белгилүү болду.
Белгилей кетсек, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өлкө 2021-жылы өзүн-өзү ун азыктары менен 40 пайызга, 2022-жылы 75 пайызга камсыздаганын билдирген.
Статкомдун соңку маалыматы боюнча, өткөн жылдын январь-октябрында Кыргызстанга 45,8 миллион долларга 176,1 миң тонна буудай импорттолгон.
Алынган өлкөлөр:
Россия — дээрлик 171,4 миң тонна дан;
Казакстан — дээрлик 4,8 миң тонна.
Буга чейин дан азыгынын басымдуу бөлүгү Казакстандан импорттолчу, кийин кыргыз тарап баасы арзан болгонуна байланыштуу Россиянын буудайына ыктаган.
Өткөн жылдын 10 айында Кыргызстан 21,9 миң тонна буудай унун сатып алган:
Казакстан — дээрлик 14,8 миң тонна;
Россия — 6,9 миң тоннадан ашык;
АКШ — 159,7 тонна;
Корея — 2,5 тонна;
Беларусь — 1,2 тонна.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Радио
Жаныбеков: айдоо аянтын 1 млн. 700 миң гектарга чыгарууга мүмкүндүк бар
Жаңылыктар түрмөгү
0