Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстандагы башаламандык. Шектүүлөрдүн арасында КР жарандары бар экени айтылды

© AFP / ABDUAZIZ MADYAROVАлматыда газдын кымбатташына байланыштуу демонстрацияга чыккан адамдар. Архив
Алматыда газдын кымбатташына байланыштуу демонстрацияга чыккан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2023
Жазылуу
Бир жыл мурун болгон окуяда 238 адам көз жумган.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстанда 2022-жылдын январында болгон башаламандыкка катышты деп шектелгендердин арасында кыргызстандыктар да бар. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Берик Асылов билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Мажилисте иликтөөнүн жыйынтыгы каралган жыйын өттү.
Асылов Өзбекстан, Россия, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары январь окуясынын алкагында башка кылмыштарга да шектелип жатканын билдирип, санын ачыктаган жок. Анын сегизи деструктивдүү диний агымдарга мүчө экени белгилүү болду.
Асыловдун айтымында, башаламандыкка кылмыштуу топ, диний экстремисттер тарабынан даярдык 2021-жылы башталып, бир жыл бою жүргөн. Башкы прокурор Улуттук коопсуздук комитетинин ошол кездеги жетекчиси Карим Масимовдун буйругу менен УККнын Алматы менен Кызыл-Ордадагы департаменттери бош калганын, мындан улам башаламандыкка катышкандар 3 000 даана курал алып чыгып кеткенин белгиледи. Асылов журналисттердин "Масимовду башаламандыктын башкы уюштуруучусу деп айтууга болобу?" деген суроосуна "ооба, болот" деп жооп берген.
Ал мурунку коргоо министри Мурат Бектанов мыйзамсыз буйруктарды берип аскердик стратегиялык объектилерди кароосуз калтырып койгонун кошумчалады. Мындан тышкары, Дикий Арман деген каймана ат менен белгилүү Арман Жумагелдиевди УККдан куратор тескеп турганы маалым болду.
Эскерте кетсек, былтыр жыл жаңырары менен Казакстанда болгон окуядан 230 адам набыт болуп, 53 кишинин өлүмүнүн жагдайы такталууда. Коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сурагандыктан тынчтыкты орнотуучу күчтөр жиберилген. Миссияга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскерлери катышкан.
Алматыдагы башаламандык учурунда полиция демонстранттарды кармады. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2023
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда 2022-жылдагы башаламандык кантип уюштурулганы маалым болду
Жаңылыктар түрмөгү
0