Кыргыздар кыштан кантип чыккан? Тамак-ашы, кийими, эмчилиги

© Фото / Музей антропологии и этнографии им. Петра Великого (Кунсткамера) РАНБоз үйдүн жанындагы кыргыздар. ХХ кылымдын башы
Боз үйдүн жанындагы кыргыздар. ХХ кылымдын башы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жазылуу
Кыргыз эли — тоо арасында жашап келген калк. Ошол жерде оокат-тиричилигин өткөргөн, малын баккан, балдарын торолткон, отун-суу алган, аңчылыкка чыккан, бири-бирине мейманчылыкка барган.
Жашоонун күнүмдүк убарагерчилиги кышкы 30-40 градуска жеткен сөөк какшаткан суукка, бороон-чапкынга, калың жааган карга да туш келген. Климаттын катаал сыноосунан кантип өтүп, кантип тукумун көбөйтүп, тышкы душмандардан кантип мекенин сактап ушул күнгө жетти деген суроо алардын урпактарын, бизди, ойлонтпой койбойт.

Кышкы тамак-аш өзгөчөлүктөрү

Байыртан эле элибиз кышкы суукта тамак-ашка бөтөнчө маани берген. Жайында кымыз ичкен кыргыздардын көпчүлүгү кышында бозо ичүүгө өткөн. Кытайдын Тан династиясынын (618-907-жылдар) жылнаамаларында биздин ата-бабаларыбыз жаратылышы катаал аймактарда жашагандыгын, жерин жарым жылдай муз каптап турарын, анан муз ачылар замат талааларга арпа, таруу, буудай сээп алып, алар бышканда жаргылчакка тартып ун, талкан кылып, алардан бозо саларын жазат. Муну кытай булактарын изилдеген Н.Я.Бичурин да тастыктап, Енисей боюндагы кыргыздар бозо жасап ичерин айтат. Махмуд Кашкарлык да (1028 же 1029 –1101 же 1126-ж.) түрк тилдерине арналган сөздүгүндө бозону буудай жармасында жасалган ичимдик катары мүнөздөп, анын түрлөрү, өңү-түсү, жасалыш ыкмалары тууралуу маалымат берет. Жуңголук журналист Батма Айсабек кызы бул темада макала жазган, ал кыргыздардын бозо салуу маданиятын мындан 4 миң жыл мурдагы "андронов маданиятынан" табат, андагы бозо ачыта турган коло идиштердин, кумуралардын, үркүмкөлөрдүн, жаргылчактардын табылышын буга мисал катары көрсөтөт. Ал бозо ачытуу кээ бир адабияттарда батыш европалыктарга, кээ бирлерде япондорго, Кытай булактарында болсо ханзуларга, уйгурларга, моңголдорго таандык деп айтылып келерине токтолуп, бирок мунун башатын байыркы кыргыздардын ичинен табат. 12 миң жыл мурда эле кыргыздар бээ саап, анын сүтүн тери идиштерге куюп, көчүп-конуп жүргөн жерлерине ташып турган, анан ошол сүт ачып, бышылып кымызга айланган. Мындан 5-6 миң жылдар мурда эле "андронов маданияты" мезгилинде кыргыздардын ата-бабалары эгин эгип, аны сактап, кээде алар ачып, крахмал ферментин пайда кылган да, ушунун өзү бозону ойлоп табууну шарттаганын, кымыз (ачышы) менен бозо технологияларынын бири-бирине окшош болгонун, бозо дүйнөлүк илим менен технологиядагы эң чоң 100 ачылыштын катарына кирерин жазган. Бозону коноктон, шалыдан, арпадан, таруудан, жүгөрүдөн жасайт.
"Манас" эпосунда бозо ичимдик катары жана мас кылуучу ичкилик катары айтылат, анын буудай бозо, арпа бозо, конок бозо, таруу бозо, маш бозо, кордо бозо, торгой көз бозо, жоро бозо деген түрлөрү менен таанышабыз. "Бозо деген аш экен, боз куурайдын башы экен" деп аны дандан жасап, ачытып, күнүнө азыраактан ичирип, денедеги суукту айдап чыккан, ашказандын аш сиңимдүүлүгүндө, майды азайтууда колдонушкан.
Жогорудагы Батма Айсабек кызынын маалыматы боюнча, XX кылымдын башында Германиядан келген археологдор Кытайдын кыргыздар жашаган Турпан аймагынан табыпчылыкка байланыштуу материалдарды тапкан, алардын ичинде "кекилик өтүн кургатып, мусалдаска же бозого кошуп ичирсе, көрбөс болуп калгандар көрүп кетери", деми сыгылгандардын дартына да даба болору жазылган экен. Бозону азыр да кыргыздар айылдарда болсун, шаарларда болсун, каны азайып кеткендерге ичирип жүрүшөт.
Экинчи бир кышкы тамак — курут. Уйдун, топоздун, эчкинин, койдун сүтүнөн майын албай айран кылып жакшылап уютуп, сүзмө кылып, анан аны абдан кайнатат да тоголоктоп курут кылып, күнгө жайып кургатып алат. Кургатылган курут көп жылдар бою сапатын бузбай сактала берет. Кышында ошол куруттун үстүнө кайнак суу куюп, атайын катуу жыгачтан жасалган кош мүйүздүү таякчалар менен аралаштырса курут эзилип, суюк болуп калат. Анан казанга майга буудай, жүгөрү ж.б. данды кууруп, үстүнө бир аз суу куюп, аралаштырып атала жасайт. Мына ошол атала менен эзилген курутту кошуп кайнатып, жыгач кеселерге куят да, үстүнө калкытып таза сары май салып, анан созмо, катырма, боорсок, нан — кайсынысы болсо да туурап ичип алса, адам кечке ток жүрөт. Экинчиден, куруттун курамында адамдын сөөгүн бекемдей турган заттар болот, курут ичкендердин организми аны алат. Бул жасоого абдан ыңгайлуу, аш болумдуу, ток кармай турган азык экендигин кыргыздар жакшы билген. Эгерде сүт бир-эки күндө ирип кетсе, айран дагы ачып кетет, ал эми аларды курутка айландырып койгондо бир нече жылга чейин сакталып тура берет.
Курутту жасоо технологияларын өркүндөтүп, анын курамына өрүк, чөбөгө, талкан, калемпир, ар кандай дары чөптөрдү, чычырканактын, чың карагаттын, бөрү карагаттын ашын кошуп, тобурчактын түтүнү менен ыштап, ар кыл түрлөрүн колдонушкан.
Жоого аттанар алдында жигиттер күч топтоп, душман менен салгылашууга рухий жактан гана эмес, дене-күч жактан да даяр болушу керек кезде кысыр калып туу болгон тору бээнин этин, майын, казы-картасын, чучугун, жалын өзгөчө кубаттуу азык катары колдонгон.
Ар бир үй кышка карата согум даярдап алган, мал арыктаган кезде да согумдун этин пайдаланып келген. Бул кышка даярдыктын биринчи кадамы катары азыркы күнгө чейин көп жерлерде колдонулуп келет.
Куш таптаган кыргыздын мүнүшкөрлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2023
Кылтак коюп, куш таптап, мергенчилик кылган кыргыздар. Архивдик сүрөттөр

Кыш кийимдери

Жоокерлер согушка чыкканда, мергенчиликке барганда кийимге өзгөчө маани берген, "Манас" эпосунда ургаачы аюунун терисинен күрөөкө тон тигилгени, суусар, кундуз, илбирс, карышкыр, козу, кашкулак, түлкү терисинен тигилген жакалуу ичиктер, эчкинин, текенин терисинен тигилген шалбар шым, көк сүлөөсүн бөрк, суусар, булгун, көрпө, түлкү тебетей, киш, карсак терисинен тигилген жака телпек, думаналардын күлө баш кийими, белге тагынган бото кур, кисе кур, кайыш кур, жекене кур, бутка кийилчү келгир кепич, накер өтүк, өкчөлүү өтүк, туюк өтүк, кончу кең өтүк, чобдор өтүк, мөкү өтүк сыяктуу кийим-кечектер тууралуу сөз болот. Мына ушулардын баарын кыргыздар биринчи кезекте табигый материалдардан жасашкан, экинчи учурда алар салтанат-тойго, согушка, күнүмдүк орозгерге ж.б. учурларга карата ылайыкталып тигилген, үчүнчүдөн, атайын мыкты уста, уздар тарабынан иштелип чыккан, демек, аларга кандайдыр бир деңгээлде салттык билимдер пайдаланылган.
Көрпө тебетей эркектер үчүн көрк гана эмес, жылуу, кийүүгө ыңгайлуу болгон. Уздарга кой терисинен ичик (тон) тиктирип алган, ал ар кандай сууктан адамды коргой алган. Колунда барлар карышкыр, сүлөөсүн ичиктерди кийген. Үйдө аюу талпак, бостек, кой жүнү салынган төшөккө отурган, алар да суук өткөрбөйт.

Сандал тегеректеп отурган

Үйдө чогуу отуруп жылуулануу үчүн сандалды ойлоп табышкан. Түштүк Кыргызстанда ушул кезге чейин сандал колдонулуп келет. Аны жасоо үчүн үйдүн чакан бөлмөсүнүн ортосунан жерди оюп, ошол оюкка өрүктүн, алманын же башка өсүмдүктүн чогу салынат, анан буттар ошол жакка сунулуп, тегерек чети кымтыланып жабылат. Үй-бүлө мүчөлөрү ошол сандал жакка бутту сунуп коюп чай ичишкен же сүйлөшүп отурган. Бул учурда бут жак ысып, адамдар нымшып тердеген да, денедеги суук айдалып чыккан. Сандал тууралуу жазуучу Мурза Гапаров мындай дейт: "Сандал түштүк кыргыздарда печкенин милдетин аткарган. Үйдүн ортосуна жерди кичине казандай кылып оюп, ага кыпкызыл өрүктүн чогун салат, анан ал чок тез өчпөс үчүн үстүнө төрт бурчтуу жапыс үстөл орнотулат. Ал үстөлдүн үстүнө дасторкон жайып оокат ичсе да болот, оокаттан кийин аны төшөнчү менен жаап, сандалга бутту катып, тегеренип жатса да болот. Ушундай сандал япондордо да бар. Аны орус котормочулары "жаровня" деп которуп жүрөт. Биз ошол сандалды тегеректеп, үч небере өрүктүн кычыраганын тыңшап уктачу элек".
Бир сандалга буттарын салып чоңойгон балдар ошол сандал тегеректеп бири-бири менен ымалалашып, кыргыздар айткандай "жыты сиңишип", кийин чоңойгондо бири-бирине күйүмдүү, бири-бирине камкор болушкан, кыштын узун түнүндө чоң ата-чоң энелери сандалга бутун салып отурган балдарга жомок айтып берген.

Кышындагы элдик эмчилик

Кыш-күрөө мезгил, албетте, ар кандай оору менен коштолуп келген. Өзгөчө суук тийген оорулар көбөйгөн, буга табыптар элдик эмчиликтин салттарын кеңири колдонгон. Эмчилер же ар бир үйдөгү салт билген ата-энелер адамга суук тийип калганда ал адамды кара бууга алган, териге оронткон, жылуу булактарга киринткен, бууга отургузган, бала чакта адырашманга, тузга киринткен да, ошолор кышкы суукка байымдуу болот деп эсептешкен. Суук өткөндөргө баглан козунун, тайдын, топоздун, эрмен жеген эчкинин жаңы союлган этин, шорпосун, туу калган бээнин казы-картасын, чучугун берген. Көк жөтөл дартына анардын кабыгын, улардын канатын койгон же бөрү карагаттын ширесин ичирген, ичине суук өтсө эрмен ичиришкен, буту-колу суук тийип ооруганда чекенде койгон, муундарга суук тийгенде алтын тамыр пайдаланылган, өпкөсү кагынган кишилерди кашкулактын, суурдун эти, майы менен дарылашса, денедеги суукту жыландын шорпосу менен айдашкан. Жөтөлдө – камгакты; кагында – бозуначты, ит мурунду; какырык чыгарууда – кызыл мыяны; көк жөтөлдө – адырашманды, чалканды; өпкөнүн кара жөтөлүндө – аюу балтырканды; суук өткөндө – мар (эки баштуу) жыланды, боз келте жыланды; суук тийгенде – бозуначты, бөрү карагатты, ит мурунду, кара карагатты, миң тамырды, сулуну, чекендени пайдаланган.
Ошентип жаратылыш койнунда жашаган кыргыздар ошол жаратылыштын байлыктарын пайдалануу менен оор жана апааттуу кыштан эсен-аман жазга жеткен...
Көчмөндөр фестивалынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2018
Жаз мезгилиндеги тамак-аш. Кыргыз сөөк жукарганда эмне жейт
Жаңылыктар түрмөгү
0