Карандай суук түшөт! Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСуук аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Суук аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жазылуу
Өлкөнүн бардык аймактарында10-январдан тарта аязкүчүнө кирип, кар жаайт.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Кыргызстандагы абаырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолуна ылайык, кийинки жумада катуу суук болот. Өлкөнүн бардык аймактарында 10-январдан тарта аяз күчүнө кирип, кар жаайт. Чүй облусу жана Бишкек шаарында 12-13-январда түнкүсүн 20 градуска чейин суук болот. Ал эми тоолуу Нарында абанын температурасы -28 градуска дейре төмөндөйт. Бул күндөрү түштүк региондордо термометр -17 градусту көрсөтөт.
Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Чүй, Талас облустары
8-9-11-январда көпчүлүк аймактарда кар түшөт. Ал эми 10-январда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 12-14-январда күн ачык болот.
Ош облусу
8-январда күн ачык. 9-12 январь күндөрү кар жаайт. 12-январда күндүз жана 13-14-январда жаан-чачын жаабайт.
Жалал-Абад облусу
8-9-11-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 10-январь күнү айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 12-14-январда күн ачык болору айтылат.
Баткен облусу
9-10-11-январь күндөрү көбүнчө түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 11-январда күндүз жана 12-14-январь күндөрү күн ачык болот.
Ысык-Көл облусу
8-9-январь күндөрү жана 10-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 10-январда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 11-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. 12-14-январда күн ачык болот.
Нарын облусу
9-январда жана 10-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Ал эми 10-январда күндүз жана 11-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 12-14-январда күндүн көзү ачылат.
Катуу суук түшкөндө бараткан унаалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2023
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жакынкы күндөрү катуу суук болот
Жаңылыктар түрмөгү
0