Бишкекте таштанды чыгаруу акысын көтөрүү сунушталды

© Sputnik / Эрмек ЖумагуловБишкектин Раззаков көчөсүндө таштандыга толуп кеткен контейнерлер
Бишкектин Раззаков көчөсүндө таштандыга толуп кеткен контейнерлер  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2023
Жазылуу
Ордо калаада таштанды чыгаруу үчүн кызматтын тарифтери акыркы алты жылдан бери өзгөрө элек.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Борбор калаада таштанды чыгаруу үчүн тарифти көтөрүү боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору жарыяланды.
Анда белгиленгендей, тарифти көтөрүүнүн демилгечиси — мэрия.
Анда киши башына таштанды чыгаруу акысын 41 сом кылуу сунушталган. Азыркы учурда таштанды ташуу үчүн бир киши 22,5 сом төлөйт. Ал эми чарба субъектилери ар куб метрине 361 сомго көтөрүлөт. Буга чейин мындай объектилер бир куб метр таштанды үчүн 225 сомдон төлөчү.
Белгилей кетсек, Бишкекте таштанды чыгаруу боюнча тарифке акыркы алты жылдан бери өзгөрүү кире элек.
Муниципалитет тарифти көтөрүү демилгесин күйүүчү майдын жана тетиктердин кымбатташы, Европа реконструкциялык жана өнүктүрүү банкынан алынган насыяны жабуу зарылдыгы тургандыгы менен байланыштырган.
Мэрия "Тазалык" ишканасынын таштандыларды ташып, чыгарып, катуу калдыктарды жок кылып иштеген жумушчуларынын айлыгын көтөрүү зарылчылыгын белгилеп, аталган ишкана жана Бишкек санитардык полигону ишин актабай жатканын кошумчалаган.
Борбор калаа Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштей баштаганын мэрия билдирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2023
Бишкекте таштанды иргөөчү пункт иштей баштады. Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0