Адамзатты космоско учууга даярдаган борбор жөнүндө тарыхый видео

© Sputnik / Александр МоклецовКосмонавттарды даярдоо борбору. Архив
Космонавттарды даярдоо борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Жазылуу
Болочоктогу космонавттарга чөлдө, тайгада, деңизде жашап кеткенге даяр болушу керек деген талап коюлган.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Мындан 62 жыл мурда ачылган Космонавттарды даярдоо борбору азыр да ишин улантып келет. Аталган легендарлуу жай тууралуу тарыхый кадрларды Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
Ал 1960-жылы 11-январда түптөлгөн.
Аталган борбордун тунгуч отрядына истребителдердин 20 учкучу даярдалган. Аларга курагы 35 жашка, бою 175 сантиметрге, салмагы 75 килограммга чейин болушу керек деген талап коюлган. Саламаттыгы чың болуш керектигин айтып, талапкерлер жүздөгөн текшерүүдөн өткөн. Чөлдө, тайгада, деңизде жашап кеткенге даяр турушу керек деген шарт бар болчу.
1968-жылы борборго дүйнөдөгү биринчи космонавт Юрий Гагариндин ысымы ыйгарылган.
Бүгүн бул жерден даярдыктан өтүп жаткан башка талапкерлердин арасында беларустук алты кыз-келин бар. Мезгили келсе, алардын бири космоско учкан тунгуч беларусь космонавты болуп калмакчы.
Старт корабля Восток - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Адам баласынын космоско учушу. 60 жыл мурунку легендарлуу видео
Жаңылыктар түрмөгү
0