Коррупция бар. Депутат доллардын тартыштыгы атайылап жасалууда деп шек санады

© Sputnik / Табылды КадырбековАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Жазылуу
Эл өкүлүнүн пикиринде, америкалык валютаны ири суммада чет өлкөгө чыгарып кетишүүдө.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Кыргызстанда доллардын тартыштыгы атайылап жасалууда деп шек санады.
Анын пикиринде, америкалык валютаны ири суммада чет өлкөгө чыгарып кетишүүдө.
"Доллар эмнеге тартыш болуп жатат? Бул атайын жасалгандай сезилүүдө. Азыр курсу 88 сомго чыкты. Кээ бирлери тааныш аркылуу алып жатышат. Менде "Россиядан келип, долларды миллиондоп алып чыгып кетип жатышат" деген маалымат бар. Ушуну көзөмөлдөңүздөр. Күзүндө кыргызстандык ишкер Россияга 4 миллион доллар алып баратып тоноткон. Эл бул жакта 1000 доллар таппай жатса, ал анча сумманы каяктан алды? Бул чекеси эле. Демек, атайын жасалган коррупциялык схема бар. Муну жасаган кишилер бар", — деди Токтошев.
Мындан улам ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, жагдайды тез арада көзөмөлгө албаса кесепети оор болорун белгиледи.
АКШ доллардын пачкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Улуттук банк биринчи ирет 100 млн. доллардан ашкан интервенция жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0