Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мураталиев: азыр убал дегенди унуттук

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев
Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Жазылуу
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев ата-бабалар убал түшүнүгүн катуу карманып жашаганын айтты.
Көчмөн жашоодо кыргыздар мал желин чойгон маалда жана эмчегинен сүт тамган учурда ургаачысын сойгон эмес. Бооз же козу, улак, музоосу бар малды союп өзүнө азык алуу менен экинчи жандыкка зыян келтирүүгө жол берилбеген. Муну убал деп гана тыйып коюшканын Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мураталиев: азыр убал дегенди унуттук
Анын айтымында, кыргыздагы тыюу эрежелеринин көбү күнүмдүк жашоого ыңгайлуу болуусу үчүн жана табияттын мыйзамдарына адамзат каршы келбеши үчүн салынган.
"Кыргыздын көчмөн жашоосунда сарамжалдуулук жана убал деген эки түшүнүк жашаган. Күнүмдүк жашоосунан тарта чоң-чоң иштерге чейин кыргыз бул эки эрежени бузбай аткарган. Күнүмдүк тиричилиги мал менен байланыштуу болгон соң ургаачы малды союуга жылына эки учурда тыюу салган. Бул да болсо мал тукумун убалга калтырбайлы дегенден келип чыккан. Экинчи жактан алып караганда, табияттын мыйзамына баш ийүү, ач көздүккө алдырбоо, жаратылыштын эрежелерин сыйлоо, демек, сарамжалдуулук болуп жатпайбы. Ушундай эле убал маселеси жапайы жаныбарларга карата да иштеген. Мисалы, мергенчилер жаз маалында ургаачы жаныбарларды аткан эмес. Аска-зоодо кайберен аткан аңчылар эликтин эркеги курандын мүйүзү түшүп, ургаачысынан айырмасы жок болуп турган учурда атып албайлы деп чочулашкан. Ошол үчүн да курандын эски мүйүзү түшүп, жаңысы өсө элек учур азыркы эсепте март айы — жалган куран деп аталган. Бул учурда мергенчилик токтотулган. Курандын мүйүзү көзгө көрүнүп чыгып калган маал, апрель айы чын куран деп белгиленип, ошондон тарта кайра аңчылыкка чыгууга уруксат берилген. Аңчылык десе эле азыркыдай каалаган убакта, каалаганча ата беришкен эмес. Жут болуп, кыш оор түшкөн жылдары же согуштан жабыркаганда, мал-жандык кырылганда гана мергенчиликке чыгышкан. Азыр болсо убалдан коркпой көңүл ачуу үчүн аңчылыкка чыгып жатабыз", — деди Мураталиев.
Ал учурда мал сойгон жерлерде дагы убал эрежеси эске алынбай бооз мал союлуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0