Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтүп, ага эки президент катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Жазылуу
Министрлер соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышкан.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов видеоконференция режиминде сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Анда негизги тема катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган иш сапарына даярдык көрүү каралган. Ошондой эле Бишкек шаарында эки өлкөнүн облус башчыларынын катышуусунда кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү маселеси талкууланган.
Мындан сырткары, тараптар Кыргызстанга Өзбекстанда өндүрүлгөн курулуш материалдарын ташуу, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү сыяктуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышкан.
Узбекистан президенти  Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары жылды
Жаңылыктар түрмөгү
0