Мамлекеттик гербдин кабыл алынгандыгына 29 жыл. Президенттин куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын мамлекеттик желеги жана герби. Архив
Кыргызстандын мамлекеттик желеги жана герби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Жазылуу
Эгемендүү Кыргызстандын азыркы герби 1994-жылы 14-январда кабыл алынган.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктарды мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчынын куттуктоосун толугу менен беребиз:
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин кабыл алынгандыгына 29 жылдын жүзү болуп олтурат. Мамлекеттин символдорунун бири болгон гербибиздин кабыл алынган күнү менен жалпы мекендештеримди чын дилимден куттуктайм.
Герб — бүтүндөй бир өлкөнүн өзгөчө белгиси, өз алдынча мамлекет экендигин ырастаган негизги атрибуттарынын бири.
Эчен кылымдарды башынан кечирген улуу элибиздин өзүнө тиешелүү эн тамгалары, белгилери болгон. Аны менен кат-кабарларына мөөр басып, элдүүлүгүн билдирип турган. Ошону менен катар байыркы мезгилде эн тамга асаба, байрактарга да түшүрүлгөн.
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өз атрибуттарын – желегин, гимнин жаңылап, ал эми мамлекеттик гербин эки жылдан кийин кабыл алган. Ал Кыргыз мамлекетинин эн тамгасы болгон гербден мамлекетибиз даана таанылгандай кылып иштеп чыгуу зарылдыгынан улам созулган.
Чындыгында эле, ак түс менен кыры бууланган көк алкактын ортосунда Ысык-Көлүбүз чалкып турса, ак калпагыбыздын түспөлүн берген ак чокулуу Ала-Тоодон күн нурлары чачырап тийип турат. Алдында Манас атабыздын Ак шумкары канатын жайып, эл-жерибизди коргоп тургандай элес калтырат. Бул белгилерди тегеректей, бир чети өлкөбүздүн булуң-бурчундагы молчулуктун символу катары пахта менен буудайдын сабы тартылганы өзүнчө бир керемет. Кыргызстандын негизги өзгөчөлүктөрү ыгы менен камтылган бул композицияны "Кыргыз Республикасы" деген жазуунун курчап турушу дагы ынтымакты, биримдикти чагылдырып турат.
Урматтуу мекендештер, кадырлуу калайык-калк!
Кызыл желегибиз алга сүрөгөн намысыбыз болуп, гимнибизде айкөл Манастын духу жаңырып турса, аскарлуу Ала-Тообузду, көк ирим көлүбүздү калкалап турган ак шумкарлуу гербибиз "кыргыз" деген мамлекетти дүйнөгө таанытып турган эн тамгабыз экенине ар убак сыймыктанышыбыз кажет. Арийне, сыймык менен кошо мамлекеттик белгилерибизди ар-намыс, ариетибиз менен катар коюп, бийик тута билели!
Мамлекеттик гербибиз алыс-жакында жүргөн ар бир кыргызстандык атуулдун бой тумары болсун!"
Кыргызстандын биринчи герби 1936-жылы Кыргыз ССРи менен чогуу түзүлгөн, кийин үч жолу алмашкан. Эгемендүү Кыргызстандын азыркы герби 1994-жылы 14-январда кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын герби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2016
Кыргызстандын герби тууралуу кызыктуу 10 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0