“Аалам сулуусу” сынагынын жетекчиси кыргызстандык кыздан кечирим сурады. Видео

Жазылуу
Сынактын алдын ала этабында Алтынай Ботоярованы алып баруучулар төрт жолу Казакстандан келген катышуучу катары тааныштырган.
“Аалам периси” сулуулар сынагынын уюштуруучулары республиканын атын айта албаганы үчүн Кыргызстандан кечирим сурашты.
Кечирим суроону уюмдун жетекчиси Эми Эммерих видеого тартып алган, анын жанында кадрда Кыргызстандын өкүлү Алтынай Ботоярова турат.
"Тилекке каршы, биздин алып баруучу алдын ала этапта Кыргызстан деп айта албай калып, сиз тууралуу так маалымат бере алган жок. Биз жакшыраак иштешибиз керек. Бул үчүн эч кандай шылтоону бетке кармай албайбыз. Кечирим сурайм", — деди Эммерих.
Ботоярова уюштуруучуларга бул жагдайга олуттуу мамиле жасаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, сынактын алдын ала этабында Алтынайды төрт жолу Казакстандан келген катышуучу катары тааныштырышкан.
Алтынай Ботояров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2023
"Аалам сулуусу": Алтынай Ботоярова финалга жетпей, АКШлык кыз жеңип чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0