Ак-Ордо конушундагылар эмнеге кызыл китеп ала албай кыйналууда? Маек

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкекте жаңы конуштар. Архив
Бишкекте жаңы конуштар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Жазылуу
Президент "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, 30 миң гектар жерге документ берилиши керек эле. Бул мыйзам 2024-жылы күчүн жоготот. Учурда Сокулукта иш процесси тоскоолдукка учурап, эл кыйналып жатканын айтып кайрылган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары боюнча кызматынын директорунун орун басары Нурия Сооронова, Сокулук районунун башчысынын биринчи орун басары, райондук жер мунапысын берүү боюнча комиссиянын төрагасы Капар Адиев жана аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максат Мусаев болду.
— Мыйзамдын негизинде 30 миң гектарга жакын жер мыйзамдаштырылышы керек болчу. Комиссиянын төрагасы катары жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берсеңиз?
Капар Адиев: — Жер укуктук мамилелер боюнча мыйзам чыккандан бери аны ишке ашыруу үчүн өкмөттүн токтому менен бекитилген жобосу да чыккан. Мыйзам күчүнө кирген 2022-жылдын 14-июнунан баштап Сокулук районунда жер мунапысын жарыяладык. Жарандардан арыздарды кабыл алып жатабыз. Бүгүнкү күнгө район боюнча 19 545 арыз келип түштү. Анын басымдуу бөлүгү (5 624) Новопавловка айыл өкмөтүнөн. Бул арыздар боюнча комиссия өз ишин жүргүзүп, регламентке ылайык Кадастр мекемеси тарабынан бардык жерлерге топосъемка жүргүзүлгөн. Архитектура органдары тарабынан курулуш долбоорлору жасалды. Арыздардын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан корутунду алуу үчүн сурам жөнөткөнбүз. Райондук комиссия ар бир үйгө барып, арыз ээлерин, документтерин жеринде тактап, аларга архитектура тарабынан номерлерди ыйгарды. Мекемелерден оң корутунду алгандарды атайын түзүлгөн тизмеге кошуп жарыялап жатабыз. Азыр Сокулукта 3045 арыз ээсинин тизмеси чыккан, 582 кишиники тизмеде турат. Ал эми 171 жер тилкесин трансформациялап, Кадастр мекемесине жер укугу катталып, мамлекеттик акт берилди. Белгилеп кетүүчү жагдай, жободо көрсөтүлгөндөй кээ бир жерлерге мунапыс мыйзамы жарыяланбайт. Бул газ, жылуулук түтүктөрү, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү сызыктары өткөн, санитардык экологиялык талаптарга жооп бербеген жана корукка алынган аймактарда жайгашкан тилкелерге тийиштүү. Ушул тилкенин арыз берген ээлерине билдирүү жиберип, жер мунапысына туура келбесин айттык.
© Sputnik / Асел АкматСокулук районунун башчысынын биринчи орун басары, райондук жер мунапысын берүү боюнча комиссиянын төрагасы Капар Адиев
Первый заместитель главы Сокулукского района Капар Адиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Сокулук районунун башчысынын биринчи орун басары, райондук жер мунапысын берүү боюнча комиссиянын төрагасы Капар Адиев
— Бул мыйзамдын толук ишке ашырылышында негизги көйгөй, тоскоолдуктар эмне болуп жатат?
К.А.: — Негизинен амнистияга илинген жерлердин менчик укугун каттоодо көйгөй жаралууда. Арыздардын 80 пайызы Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан жерлер. Жалпысынан булар үлүш жерлер болгон (900 гектарга жакын жер аянты болуп эсептелинет — Капаров). Көп убактан бери жарандар жерлерди бири-бирине сатып, бирок тастыктоочу документти каттаган эмес. Ал мыйзамга ылайык, Кадастр мекемеси тарабынан белгиленген тартипте, каттоо талаптары менен жүргүзүлүшү шарт. Демек, жаңы менчикти каттоо үчүн эски менчик укугун токтотуу зарыл болуп турат. Анткени азыр жер саткан адамдар менен сатып алып там куруп жашап жаткандардын ортосунда талаш маселелер жаралууда. Экинчи чоң көйгөй — бул Ак-Ордо жаңы конушунда жер саткан адамдардын арасында талаш чыгып, көп жерлер камакка алынып калышы. Учурда 176 жер объектиси камакта турат. Ал жалпы көлөмү 264 гектар, башкача айтканда, 5000ден ашык жер тилкеси болуп саналат. Бул жерлер 2015-2017-жылдары камакка алынган экен. Сотто каралып жаткан жерлерге мунапыс берүүгө кийлигише албайбыз. Анткени ушул маселелер чечилиши керек. Үчүнчү көйгөй — мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын чыгарган бүтүмү боюнча бүгүн 800гө жакын жер тилкесине терс жыйынтык чыгып калган, аларга эми документ берилбейт.
— Эсиңиздерде болсо мамлекет башчысы былтыр Ак-Ордо конушунда эл менен жолугуп жатып жерлерди мыйзамдаштырууда жер саткандар аралашпай турганын айтты эле. Бүгүнкү күндө алар аралашмак турсун чечүүчү фигура болуп турат. Бул жагдай жерге мунапыс берүү мыйзамынын жобосунда көрсөтүлгөнбү?
К.А. — Жобонун 27-пунктунда "жер мунапыс объектиси жеке менчикте болсо, жер ээси аны берүүдөн баш тартса, талаш-тартыш маселелер жарандык мыйзамдын негизинде белгиленген тартипте чечилет" деп жазылган. Демек, талаш сот органдары аркылуу чечилет.
— Максат мырза, сиздерге талаш жерлер боюнча арыздар түшүп жатабы?
Максат Мусаев: — Сокулук районунун аймагында 2022-жылы алдамчылык, мыйзамсыз курулуш жана өзүм билемдик фактысы боюнча кылмыш иштери козголгон. Жалпы 25 жаран жоопкерчиликке тартылып, 81 кылмыш иши козголуп, баары тергөөгө жөнөтүлгөн. Турак жай ээлери менен жердин жашыл китебинин ээлери териштирүү учурунда бири-бирин тааныбай турганы билинген. Чынында мында ортомчу катары алдамчылыкка барган адамдар бар. Аларды соттук кароого жөнөтүп жатабыз. Мисалы, бир жаран төрт сотых жер тилкеси боюнча арыз жазып кайрылат. Ал эми ал жердин жашыл китеп ээсине бир же эки гектар жер тийиштүү болуп калат. Мындай учурда камак салган жокпуз. Анткени бир жарандын төрт сотых жери үчүн эки же беш гектар жер камакка алынбайт.
© Sputnik / Асел АкматСокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максат Мусаев
Заместитель начальника УВД Соколукского района Максат Мусаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максат Мусаев
— Нурия Рахманбердиевна, мамлекеттик каттоо кызматына байланышканыбызда Кадастр мекемеси Айыл чарба министрлигине толугу менен өткөрүлүп берилгенин айтышты. Бул маселеде сиздердин аткарган кызматыңыздар кандай болуп жатат?
Нурия Сооронова: — Кызматтык функция боюнча Кадастр мекемеси бизге карайт жана ал жер укуктук маселесинде жарандардын колуна документтерди берет. Ал эми жарандарды каттоо кызматы биздин укуктарды каттайт. Мунапыс боюнча биринчи этапта кызматкерлерибиз карталарды түзүп берип, анын негизинде архитектура кызматы документтерди кабыл алат. Мындан соң комиссия карап, корутундусун чыгарып коомдук талкууга коёт.
© Sputnik / Асел АкматАйыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары боюнча кызматынын директорунун орун басары Нурия Сооронова
Заместитель директора Службы земельных ресурсов Министерства сельского хозяйства Нурия Сооронова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары боюнча кызматынын директорунун орун басары Нурия Сооронова
— Капар Абдужалович, жободо жер ээсинен жер пайдалануучуга жер тилкесин өткөрүп берүү механизмдери толук болбой калганын айттыңыз эле. Бул жагын кандай чечесиздер?
К.А.: — Туура, комиссия иштей баштаганда жободо көрсөтүлгөн регламент менен иштөө узак убакытты аларын түшүндүк. Иш процессинин акыркы баскычтарында жердин ээси айыл чарба багытынан жерин калктуу конушка трансформациялоого жана өз менчик укугун токтотууга макулдук бериши керек экен. Муну практика жүзүндө көрдүк. Себеби Кадастр мекемесинин мыйзамында деле жер укугун каттоо белгиленген тартипте өткөрүлөрү жазылып турат. Бирок ошол жободо кайсы учурда жердин ээси арызды, тил катты, кайрылууну кимдин атына жазары белгиленген эмес. Бул жобо 2022-жылдын 31-майында чыккан. Бизге 2022-жылдын июнь айында ага толуктоолорду киргизүү боюнча кат келген. Райондук комиссияга сунушубузду берип, бир нече жолу кат жолдодук. Ошонун ичинде менчик укугун токтотуу да бар. Бирок ушул күнгө чейин бул толуктоолорго өзгөрүүлөр кирген жок.
— Кызыл сызыкка түшүп калган үйлөрдүн келечеги кандай болот?
К.А.: — Биринчиден, биз мыйзам менен иш алып барышыбыз керек. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар корутундусун берип жатат. Конуштан жогорку чыңалуудагы 110 киловаттка жеткен электр чубалгылары да өткөн. Практика жүзүндө ошол кызыл сызыктардын алдында адамдар коркпой, коопсуздукту ойлобой жашап жатканын көрдүк. Буларды мыйзамдаштырууга болбойт. Бирок 10 киловатт чыңалуудагы электр зымдарынын алдындагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу жагын РЭС мекемеси менен сүйлөшүп, зымдарды четке жылдырып кайрадан карайлы деп жатабыз. Ошондой эле көрүстөндүн, күйдүргү, темир жолдун корук аймагында жайгашып калган үйлөр бар экен. Мүмкүнчүлүккө жараша алардын баарын чечип берүү жагын карайбыз.
— Ак-Ордо конушунун тургундарынын айтымында, так ошол жер саткандар тарабынан акчасын толук төлөгөн жашоочуларга да "квитанция, тил кат көрсөт же акчаңды баланча бербей жатат, алып бер" деген доомат менен коркутуулар болуп жатыптыр. Мунун жөнү барбы? Бирөөнүн үйүн эле сырттан соодалап "сатылат" деп жазып айласын кетирген фактылар да болгонун уктук. Ак-ордолуктардын мындай "мышыкка оюн, чычканга өлүм" жашоосунан кабарыңыздар барбы?
К.А.: — Ооба, мындай көрүнүштөр, тилекке каршы, болуп жатат. Менчик ээлеринин менчик укугун токтотуу маселеси бар экенин жогоруда айттым. Документ берүүдө менчик ээсинин макулдугу керек деген мыйзам жобосунун пунктун булар өз кызыкчылыгына бурмалап пайдаланып жатышат. Райондук комиссия жеринде ал боюнча иш алып барды. Биринчиден, жашоочу Кадастр мекемесинде жашыл китеп кимдин атына жазылса ошол адам менен чечүүгө тийиш. Анан башка келишим, каттын негизинде иш жүргүзүүгө болбойт. Биз жасаган курулуш картасында ар бир тилкеде жердин ээси белгиленип турат. Турак жайдын ээси ошол адам менен түздөн-түз сүйлөшүп, ортодо эч кандай аласа-бересе жок болсо жер ээси жер пайдалануучуга тилкесин өткөрүп берет. Бүгүнкү күндө ушундай мыйзам бузуу маселеси катталып жатканына юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга маалымат берилди. "Убагында жерди арзан сатып коюптурмун" деген ой менен ортомчулар, айрым шылуундар кайрадан акча өндүрүүнү көздөп жатканы түшүнүктүү. Ушундай маселелер болуп жатат.
— Нурия Рахманбердиевна, жер сатууда ортомчулар кайдан пайда болгон?
Н.С.: — Ал боюнча бизде маалымат жок. Каттоодо жердин үлүш ээлери гана катталган. Андан кийин жер ээсимин деп эч ким келген эмес.
К.А.: — 2005-2006-жылдардан бери айыл чарба багытындагы жерлерге трансформация жасабай туруп мыйзам бузуу менен сатып, турак жайлар курула баштайт. Бул жерде жердин чыныгы ээси сатпай эле ортодо алдамчылар кандайдыр жол менен нотариус аркылуу гектарлаган жерлерди ишеним кат аркылуу сатышкан экен. Ошол себептен жердин бир эмес, бир нече ээси болуп калган адамдар кыйналып жатат. Ишеним каттардын дээрлик көбү 2003-жылдан 2015-жылга чейин берилгендер экен. Булардын деле юридикалык күчү жок. Ортомчуларды, жер ээлерин жана укук коргоо органдарын кайрадан администрацияга чакырып, маселени дагы карап ишти жыйынтыктайбыз.
— Сиздерге бул жаатта арыздангандар көппү?
М.М.: — Ооба, Ак-Ордо конушу боюнча мындай иштерди тез арада тергеп сотко өткөрүү иштерин жасап жатабыз. Эгер жер ээлери келип жашоочулардын үйүн сатыкка койгон фактылар болсо Сокулук райондук ИИБдин эшиги дайыма ачык. Арызын кабыл алып, ишти карап чыгууга даярбыз.
— Жерди документтештирүүдө турак жай ээлеринен кандайдыр бир акча талап кылынабы?
К.А.: — Ооба, биринчиден, архитектура тарабынан жер тилкесинин чегин тактоодо курулуш долбооруна акы төлөнөт. Экинчиден, мамлекеттик акт алганда ага да акча алынат.
— Жашоочулардын баары эле кызыл китеп ала алышабы? Кимдер албай калышы мүмкүн?
Н.С.: — Кызыл сызыктагы үйлөргө документ берилбейт. Тизмеге кирген күндө деле корутундунун негизинде алар чыгарылып калат. Бизге акыркы документтер райондук администрациянын илген тизмесине айыл өкмөттөн тийиштүү чечим чыккандан кийин гана келет. Администрациянын кароосунан өтпөй калган үйлөргө документ бере албайбыз.
— Жогорудагы мунапыска кирген 30 миң гектар жердин баары эле Ак-Ордодо беле?
Н.С.:— Негизи жер үлүшү Чүй облусу боюнча Аламүдүн менен Сокулукта болчу. Калган мунапыска илинген үйлөр 1994-95-жылдары курулган. Алар мамлекеттин карамагындагы жерлер болчу. Ошондуктан Ак-Ордодогудай чыр маселе жаралбайт.
— Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган жарандар кандай процесстерден өтөт?
М.М.: — Биздин бөлүм Сокулукта жайгашкан. Ал эми Ак-Ордо айыл өкмөтүнө караштуу жер маселесине байланыштуу жарандар Новопавловкада жайгашкан бөлүмгө да кайрыла алат. Мындан тышкары, бизге байланышкан ар бир телефон чалуу каттоодон өтөт. Арыз түшкөндөн кийин тергөө ишине эки айлык мөөнөт берилет. Шектүү адам болсо ага айыбы угузулуп, соттук кароого жөнөтүлөт. Ар бир жарандын арызын кабыл алууга даярбыз. Буга чейин жаңы конушка суу, жарык киргизип берем деген алдамчылар боюнча да кайрылуулар көп түшкөн.
Бишкектин четиндега жаңы конуш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Басып алынган жерлер кантип мыйзамдаштырылууда? Адистер менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0