18-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Тимин / Медиабанкка өтүүКар баскан талаа. Архив
Кар баскан талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2023
Жазылуу
18-январга караган түнү жана таңга маал республиканын аймагында туман түшүшү ыктымал. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Шаршембиде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Талас жергесинде -4...-9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ысык-Көл чөлкөмүндө -4...+1, ал эми Нарында -12...-17 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -4...-6 жана Ош калаасында -1...+1 градус болот.
Кыз онлайн окутуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2023
Катуу сууктан улам Ат-Башыда мектептер онлайн окутууга өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0