Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшеванын сөөгү бүгүн Бишкекке алып келинет

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКачкын президент Курманбек Бакиев. Архив
Качкын президент Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2023
Жазылуу
Сөөк эртең жерге берилет.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Качкын президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшеванын сөөгү 18-январда өзү туулуп өскөн Казарман айылындагы ата-энесинин үйүнөн жерге берилет. Маалыматты укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак тастыктады.
Эскерте кетсек, Төлөмүшеванын өтүп кеткени бүгүн белгилүү болгон. Маалыматтарда анын ооруп жүргөнү айтылды.
"Сөөк бүгүн, 17-январь күнү кечинде Минск — Бишкек чартердик рейси аркылуу Бишкек шаарына алып келинет. Андан ары Кочкор району аркылуу Тогуз-Торонун борбору Казарман айылына жеткирилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Сөөктү маркумдун бир тууган сиңдиси алып келет.
Назгүл Төлөмүшева 47 жашта болчу. 1993-жылы Казарман айылындагы Макмал орус тилдүү орто мектебин, кийин Ош шаарындагы окуу жайлардын бирин аяктаган. 23 жашында Курманбек Бакиевге турмушка чыккан. Жубайлар Лейла аттуу кыздуу, Данияр аттуу уулдуу болушкан, азыр тун кызы 23, баласы 18 жашта экени айтылды.
Назгүл Төлөмүшева ата-энесинин тун перзенти болгон. Атасы Муратбек Төлөмүшев 2022-жылы каза болуп, тажиясына келип кеткен. Апасы Бурулуш Төлөмүшева 26 жыл мурда кайтыш болгон.
Бишкектин Жибек Жолу проспектинде жайгашып, мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык делген имараттын ордуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору курулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Бакиевдин үйүнүн ордуна майып балдардын реабилитациялык борбору курулду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0