Назарбаевге операцияны Кыргызстандын мурдагы жараны жасады. Ал жөнүндө эмне белгилүү

© Sputnik / Владислав ВодневКардиохирург Юрий Пя. Архив
Кардиохирург Юрий Пя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Жазылуу
Пя Кыргызстанда бир топ жыл эмгектенип, андан соң мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев менен Түркияда 14 жылга чукул иштеген.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасаган Юрий Пя — Кыргызстандын мурдагы жараны, республикада бир топ жыл эмгектенген. Бул туурасында мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев айтып берди.
Юрий Пя — белгилүү кардиохирург. Казакстанда туулган, Москвадагы мамлекеттик медициналык институтту аяктаган. Ординатураны Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы улуттук илимий борбордон өткөн.
1982-1994-жылдары Кыргызстанда иштеп, андан соң Түркияга кеткен.
Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө токтолсок, 1982-1984-жылдары Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек – ред.) № 3 балдар ооруканасында врач-интерн болгон. Андан соң 1985-жылга чейин Республикалык клиникалык ооруканада врач-рентгенолог, врач-кардиохирург милдетин аркалаган. 1985-1994-жылдар арасында Фрунзедеги кардиология боюнча Кыргыз илим-изилдөө институтунун жүрөк-кан тамыр хирургу болгон.
Батыралиевдин айтымында, 14 жылга чукул Түркияда чогуу иштешкен. Андан соң Пя Казакстанга кеткен.

"Ал Кыргызстандын мурдагы жараны. Экөөбүз бир топ жыл чогуу иштегенбиз. Анын медицина илимдеринин кандидаттык ишине мен, ал эми докторлук ишине атактуу кардиохирург Лео Бокерия экөөбүз жетекчи болгонбуз", — деп билдирди Батыралиев.

Лео Бокерия — советтик жана россиялык кардиохирург, ойлоп табуучу, профессор.
Экс-министрдин айтымында, Астана шаарындагы аталган борбор жүрөккө операция жасоо боюнча учурда дүйнөдөгү эң мыкты деген медициналык жайлардын катарына кирет.
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды
Жаңылыктар түрмөгү
0