Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шүкүров: өлкөдө саяпкерлердин саны өстү

© Sputnik / Асылбек БактыбековСпорттун улуттук түрлөрү дирекциясынын ат чабыш оюндары боюнча усулчусу Бакай Шүкүров
Спорттун улуттук түрлөрү дирекциясынын ат чабыш оюндары боюнча усулчусу Бакай Шүкүров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Жазылуу
Спорттун улуттук түрлөрү дирекциясынын ат чабыш оюндары боюнча усулчусу Бакай Шүкүров эл аралык мелдештерде кыска жана узун аралыкка чабууга ат таптаган күчтүү саяпкерлер мууну чыкканын айтты.
Өлкөдө ат кармагандардын, саяпкерлик өнөрдү өрнөк кылып ата мурасын улагандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Бакай Шүкүров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Шүкүров: өлкөдө саяпкерлердин саны өстү
Анын айтымында, Кыргызстанда ат чабыштын бардык түрү өнүгүү жолуна түшүп, сандан сапатка өтүп жакшы жыйынтыктар боло баштады.

"Аргымак федерациясынын түптөлгөнүнүн 10 жылдык тарыхында бир топ өзгөрүүлөр болду. Мезгилге, заманга жараша өнүгүп жатат. Албетте, бул багытта чечилбеген, көптөн бери келе жаткан көйгөйлүү маселелер бар. Ага карабастан өлкөдө ат баккандардын, саяпкерлик өнөрдү өрнөк кылып ата мурасын улагандардын саны көбөйдү. Бизде өткөн үч Көчмөндөр оюндары улуттук спорттун кадырын көтөрүп, көп жагынан өнүгүүгө өбөлгө болду. Мисалы, улуттук ат чабыштан: тай чабыш, кунан чабыш, аламан сыяктуу түрлөрүнө көңүл бурулуп калды. Ал эми эл аралык мелдештерде кыска жана узун аралыкка чабууга ат таптаган күчтүү саяпкерлердин мууну чыкты", — деди Шүкүров.

Ошондой эле адис кыргызстандык саяпкерлердин көбү Казакстан, Европага чейин кетип, иштеп келгендери бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0