Бишкекте бензин арзандады. Күйүүчү май, валюта баасы боюнча соңку маалымат

© Sputnik / Евгений Переверзев / Медиабанкка өтүүКүүчү май куйуучу жай. Архив
Күүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан валютанын курсу жана күйүүчү-майлоочу майдын баасы боюнча маалыматтарды байма-бай жарыялап турат.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Акыркы суткада май куюучу жайлардын биринде бензин арзандап, евронун курсу бир аз көтөрүлсө, доллар мурунку калыбында турат.
Жума күнкү таңга салыштырмалуу доллардын орточо курсу өзгөргөн жок. Бүгүн АКШ акчасы 86,2 сомдон сатып алынып, 87,2 сомдон сатылууда.
Бирок евро кечээги күнгө карата 9 тыйынга кымбаттады: 93,58 сомдон сатып алынып, 94,58 сомдон сатылууда.
Ал эми бүгүн бир рубль 1,28 сом болсо, бир теңгени 0,2 сомго сатып алууга болот.
"Роснефть" май куюучу станциялар тармагында АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 1,2 сомго арзандады. Учурда АИ-92 майы 56,3 сом болсо, АИ-95 майы 62 сом турат.
Улуттук банк дем алыш күндөрү алтын куймаларын сатпайт.
Акча алмаштыруучу жайдагы адам АКШ долларын санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2023
Улуттук банк: валютаны белгиленген курстан жогору саткандар болсо кабарлагыла
Жаңылыктар түрмөгү
0