Унутта калган агартуучу. Котормочу, жазуучу Мамасалы Абдукаримов тууралуу 9 факт

© Фото / Проект "КЫРГЫЗСКИЙ ФОТОАРХИВ""Кызыл учкун" адабий ийриминин катышуучулары. Отургандардын оңдон биринчиси Мамасалы Абдукаримов
Кызыл учкун адабий ийриминин катышуучулары. Отургандардын оңдон биринчиси Мамасалы Абдукаримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Жазылуу
Маданиятыбыздын башатында туруп, кыргыз эли үчүн көп эмгек кылган агартуучу, жазуучу, журналист жана котормочу Мамасалы Абдукаримов тууралуу 9 факты сунуштайбыз.
Ош шаарына жакын Жапалак айылында жарык дүйнөгө келген. Жапалак айылы Оштон чыгып Ноокатка кетчү жолдо. Кара-Суу районуна карап жүрүп, азыр эми Ош шаары менен биригип калды. Эли дыйканчылык менен күн көрүп келген, шаарга жакын болгон. Мына ошол айылда Мамасалы Абдукаримов 1910-жылдын 5-июнунда туулган. Балким, туулган датасы так эместир. Балалыгы оор жылдарга туш келет, алты-жети жашында атадан да, энеден да ажырап, ар кимге малай жүрүп, жетимдик турмуштун бүт кыйынчылыктарын баштан өткөрөт. Совет бийлиги орноп, ата-энесиз балдарды издеп жүргөндө 11 жашар Мамасалы да аларга туш келип, 1921-жылы Оштогу жетим балдар үйүнө кабыл алынат.
Окуу жылдары. Ал жетим балдар үйүнүн шарапаты менен өз кезегинде эң мыкты делген окуу жайларынан билим алган. Окуу бактысы Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтунан уланат да, орус тилин, адабиятын, жазуу өнөрүн үйрөнөт. Ушул жерден РСФСРдин курамынан Кара-Кыргыз автоном облусунун бөлүнүп чыгышына, төл басылмабыз "Эркин-Тоонун" жарык көрүшүнө жана таралышына күбө болгон, өзү да гезитти таратууга катышкан. Ташкентте окуп жүргөн кезде Орто Азия республикалары өзүнчө бөлүнүп, ал жердеги студенттерди өз-өз борборлоруна жиберет, ошондо бир топ кыргыз жаштары менен Абдукаимов да 1924-жылы Фрунзеге келип, Кыргызстандын борбордук педагогикалык техникумунда окуусун улантат. Ал кезде Ала-Тоо койнундагы жападан жалгыз окуу жайда Жоомарт Бөкөнбаев, Касымаалы Жантөшөв, Узакбай Абдукаимов, Кубанычбек Маликов, Саткын Сасыкбаев, Алыкул Осмонов, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, Жума Жамгырчиев сыяктуу кийин кыргыз адабиятынын көч башында жүргөн балдар менен бирге окуйт, адабиятка кызыккандар топтолуп "Кызыл учкун" деген ийрим уюштурат. Ошол кезде жазууга астейдил киришип, "Курмушунун турмушу" деген алгачкы аңгемеси ал кездин атактуу басылмасы "Кызыл Кыргызстанга" жарыяланат. Кийинки аңгемесин "Карындашым Гулия" атайт. 1930-жылы педагогикалык техникумду да бүтүрөт, 1931-жылы биринчи китеби "Кызыл эмгек" деген ат менен жаңы турмуштун артыкчылыктарын чагылдырган аңгемелерден турган жыйнагы чыгат. Педтехникумда окуган кезде ал жазган "Комсомолдун маршы" ыры жаштардын эң кеңири колдонгон чыгармасына айланган, анын автору жакында эле жетим жүрүп, эми-эми окуй баштаган жаш жигит экенин көпчүлүк билген эмес.
Журналисттик жумуштар такшалтат. Окууну бүтүп-бүтө элек кезде эле таланттуу, билимдүү жаштарды эл чарбачылыгынын түрдүү тармагы өз катарына иштөөгө чакырып турган. Мамасалы Абдукаримов студент чагынан – 1928-жылдан жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде иштеген, 1930-жылы декабрь айында педтехникумду бүтүрүп, жумушчулардын шаары болгон Кызыл-Кыяга барып, басмакана уюштурат, ага директор да болот. "За уголь-Көмүр үчүн" деген гезитте жооптуу катчы катары эмгектенген, ошол эле кезде комсомолдук уюмду башкарып, тап күрөшүнө катышкан. 1933-жылы кайра борборго чакырылып, "Ленинчил жаш" гезитинде жооптуу катчы, "Кызыл Кыргызстанда" жооптуу катчы (1933-1938), редактордун орун басары (1940-1943, кийин 1947-1950), редактору болуп иштейт. Кыргызстандын басма сөзүндө иштөө аны партиялык-идеологиялык жактан такшалтат, көркөм чыгармалары үчүн көп материал берет, эл кызыгып окуган фельетон, очерк, аңгеме, повесть, роман, макалаларды жазат.
Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Ырларына өрүктүн шириндигин алган акын Курбаналы Сабыров тууралуу 9 факт
Кыргыз адабияты боюнча окуу хрестоматияларынын автору. Өткөн кылымдын 30-жылдарында элдин сабатсыздыгын жоюу, ал үчүн массалык түрдө окууга тартуу – коммунисттик партиянын бирден-бир милдети эле. Бул ишти аткаруу үчүн окуу китептерин жазып, окуу хрестоматияларын түзүү керек болчу. Абдукаимов 4-класстар үчүн адабият хрестоматиясын түзүп берүү вазийпасын жогорку деңгээлде аткарган. Анын ошол жазып-түзгөн китеби 1936-жылдан тартып 1944-жылга чейин жыл сайын чыгып, жалпысы "Кыргыз мамлекеттик басмасы" тарабынан 11 жолу басылган. Кийинчерээк 10-класстар үчүн адабият хрестоматиясын түзүп, анысы китеп болуп 1951-жылы чыккан. Бул китептерге окуу программасына ылайык кыргыз адабиятынын материалдары менен бирге эле котормо адабиятын да киргизген, айрым классикалык чыгармаларды өзү кыргызчага которуп кошкон. Мамасалы Абдукаримов – кыргыз адабияты окуу китептерин даярдоонун, жазуунун жана көркөм тексттерди иретке түшүрүп окуучуларга жеткирүүнүн, дагы эле агартуу жумушунун башында турган зыялылардын бири.
Партиялык чечүүчү кызматтарды аркалашы. Көз карашы калыптанган, саясий жактан жетик, орусча окуй жана жаза алган, сталиндик куугунтуктан аман калган Мамасалы Абдукаримов ар дайым партиялык номенклатурада турган, ошол үчүн аны согуш күчөп турган 1943-жылы партиянын Ош облустук комитетине секретарь кылып жиберет, бир чети ал жактын адамдарын, шартын жакшы билген, экинчиден, элди согушка мобилизациялоо жумушун аткаруу керек эле, үчүнчүдөн, пахта, тамеки, көмүр, эт-сүт дегендей мамлекеттик планды толтуруу зарыл болгон. Бул чоң кызматта ал 1947-жылга чейин иштейт. Андан кийин да партиялык идеологиялык фронттун маанилүү участоктору болгон "Кыргыз мамлекеттик басмасында" көркөм адабият бөлүмүнүн башчысы катары 1957-жылга дейре, "Советтик Кыргызстан" гезитинде адабий кызматкер катары 1968-жылга дейре эмгектенип, өзгөчө эмгеги үчүн пенсияга чыккан.
Прозалык үч китеп жана романдары. Журналисттик жана котормочулук, партиялык-советтик иштер менен кошо ал жазуучулук менен да көп убараланды. Жогоруда айтылган "Кызыл эмгек" деген биринчи китебинен соң 1937-жылы "Турмуш жана күрөш", 1957-жылы "Үзүлбөгөн үмүт" деген аңгемелер жыйнактарын чыгарды. Ошол эле кезде өмүрүнүн башкы китептери болгон "Жашагым келет" (1960, 1965) эки китебин, "Жаңырык" (1965) романын жазып, алар басмадан чыкты. Аталган китептер боюнча республикада жолугушуулар, окурмандар конференциялары, талкуулар уюштурулган. Бул романдарда Түштүк Кыргызстандын Октябрь революциясынын алдындагы турмушу, балалык, жаштык сүрөттөлөт, автор адамдын адам катары калыптанышын майда деталдарда чагылдырган, окуялар эл тарыхынан жана автордун жеке биографиясынан көркөмдөлүп алынган. Бул китептер орусча да которулуп, "Жить хочется" (1962), Москванын "Советский писатель" басмасынан "Эхо" (1982), Фрунзеден дагы "Эхо" деген аталыш менен (1988) жарык көрдү. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарында кара сөздө анын "Жол башы" деген повесттер жана аңгемелер (1970), "Турмуш баяны" деген аңгемелер жана очерктер (1980), "Биринчи кубаныч" аттуу документалдык повести (1987), "Таалай танабы" аталышында дастан, повесттер жана аңгемелер (1988) жыйнактары окурмандарга тартууланды.
Акын Тургунбай Эргешов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2022
Таптырбай кеткен тагдырлуу акын. Тургунбай Эргешов тууралуу 12 факт
Кыргыз элин өнөр чыгармалары менен тааныштырууда өзгөчө орду болгон. Ал орус тилинен кыргыз тилине 40тан ашык фильмди которуп, каармандарды кыргызча сүйлөтүүгө катышкан. Арасында "Ульяновдордун үй-бүлөсү", "Мен жашаган үйдө", "Нормандия-Неман", "Ленин Октябрда", "Алтынчы июль", "Калкан менен кылыч", "Жоро", "Жолборс", "Тоодогу застава" сыяктуу популярдуу кинолор бар. Студент чагында эле А. Островскийдин "Жок жерден жолдуу болду" деген драмасын которуп, ал театрда коюлуп, ошондон кийин ондогон пьесаларды кыргызчалатууга катышкан. Кыргыз лексикасын жана стилистикасын байытууга, терминологияны калыптоого да котормочу катары бараандуу салымын кошкон.
Таанымал котормочу. Мамасалы Абдукаримовдун чоң эмгеги котормочулукта. Ал марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларын, КПССтин тарыхын, философия, логика боюнча окуу китептерин, саясий адабияттарды кыргызча "сүйлөткөн". Котормосунда Л. Сейфуллинанын "Ленин жөнүндө баян" (1930), "Мужуктар" (1932), М. Горькийдин "Аңгемелер" (1948; 1979), "Кемпир Изергиль" (1966), "Шумкар жөнүндө ыр" (1957; 1967; 1972), И.Тургеневдин "Муму" (1956; 1957), М. Бубеновдун "Ак кайың" (1950), А.П. Чеховдун "Ванька" (1951; 1987), "Балдар" (1983), М. Шолоховдун "Көтөрүлгөн дың" (1964), "Алар Мекен үчүн согушту" (1964), В.Кавериндин "Эки капитан" (1-китеп – 1962, 2-китеп – 1963) ж.б. китептери кыргыз тилинде көп нуска менен чыгарылган. Анын котормо эмгектеринин тизмесинде В. Гюго, К.В. Булычев, Надь Шандор, Семен Гарин, В.Г. Короленко, В. Вионов, Ду Пэн-чэн ж.б. жазуучулардын чыгармалары бар. Мына ушул тизмеден эле анын кыргыз котормо өнөрүнө эбегейсиз салым кошкондугун, көп убактысы ушундай котормолорго короп, оригиналдуу чыгармаларды жазууга колу анчалык бошобой келгенин боолголоого болот.
Жазуучуга сый. Ал жулунбаган, алдыга чыга бербеген, оор басырык киши эле. Адабий каймана аты — Алай. Иштин майын чыгара иштей берген. ХХ кылымдагы кыргыз китептеринин тарыхы-таржымалынын энциклопедисти эле. СССРдин "Ардак белгиси" орденин алган, ага 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу" наамы берилген. Ошондон бир жыл өтүп 86 жашында каза болду. Бул инсандын ишмердүүлүгүн кеңири сөз кылбай, атабай же ысымын ыйгарбай жүргөндүгүбүз, албетте, өкүндүрөт...
Акын Табылды Муканов (сол жакта) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Таланттуу болсо да кезегинде тан алынбаган акын Табылды Муканов тууралуу 12 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0