Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ысабеков: ЭТТК көмүскө экономикадан чыгууга өбөлгө түзөт

© Sputnik / Акбар АкжигитовЭкономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков. Архив
Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2023
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков 1-январдан тарта соода-сатык менен алектенген ишкерлерге товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТК) түрү талап кылына баштаганын айтты.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын киргизүү көмүскө рыноктон чыгууга, иштин кагазсыз формасына өтүп тез жүгүртүлүшүнө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ысабеков: ЭТТК көмүскө экономикадан чыгууга өбөлгө түзөт
Анын айтымында, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүү мөөнөтү жылдырылбайт.
"Товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тартып Салык кызматынын маалымат системасында каттоодон өтүп, электрондук жол баракчасын колдонууга милдеттендирилүүдө. Өткөн жылдын 15-майынан тартып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) мунай, мунай өнүмдөрүн жана товарларды жүгүртүүгө катышкан салык төлөөчүлөр колдонуп келген. Ал эми 1-июлдан баштап Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге кирген товарларды жүгүртүүгө катышкан салык төлөөчүлөр тарабынан колдонулат. Электрондук документ жүгүртүү кагаз түрүнө караганда ишти бат бүтүрүп, товарларга байкоо салууга көмөктөшүп, көмүскө рыноктон чыгууга шарт түзөт. Албетте, кээ бир ишкерлер тарабынан нааразычылыктар да болуп жатат. Аларга түшүндүрүү иштери жүрүп, бул кадамдын маанилүүлүгү айтылууда", — деди Ысабеков.
Ошондой эле адис өлкөдө контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны кескин өсүп, система жолго коюлуп келе жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0