Мэрия: Бишкектин көчөлөрүнө электр жарыгы маал-маалы менен берилет

© Sputnik / Акылбек БатырбековМанас жана Чүй проспектисинин кесилиши. Архив
Манас жана Чүй проспектисинин кесилиши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2023
Жазылуу
Борбор калаанын көчөлөрүндөгү маал-маалы менен жарыктын өчүрүлүшү электр тармагындагы абал турукташканга чейин уланмакчы.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Калаа мэриясы Бишкектин көчөлөрүнө түнкүсүн электр жарыгы маал-маалы менен бериле тургандыгын айтты.
Муниципалитет мындай чечим учурда шаардагы электр энергиясын керектөө көбөйгөндүктөн, электр тармагындагы жабдууларды иштен чыгарып албоо үчүн кабыл алынгандыгын билдирди.
"Ири аварияларды жана түнкүсүн көчө караңгы учурларда жол кырсыктарынын болуп кетүү тобокелдиктерин эске алып, көчөлөрдө жарыктарды этап-этабы менен өчүрүү тартиби киргизилүүдө. Бульварларда, сейил бактарда, скверлерде жана велосипед жолдорунда өчүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Чектөөлөрдүн электр тармагындагы абал турукташканга чейин уланары маалымдалды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Президент жарыктын байма-бай өчүрүлүшүнүн себебин ачыктады
Жаңылыктар түрмөгү
0