ТИМ: Памирдеги этникалык кыргыздарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПамирдеги этникалык кыргыздар. Архив
Памирдеги этникалык кыргыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Жазылуу
Боордоштордун ооруларын аныктоо жана дарылоо иштери башталгандыгы айтылды.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү максатында Бадахшандын Вахан аймагына медициналык топ барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги афган тараптан алынган маалыматка таянып билдирди.
Маалыматта памирлик кыргыздардын ооруларын аныктоо жана тиешелүү дарылоо чаралары башталгандыгы айтылды.
Министрлик өз кезегинде афган тарап менен байланышта экендигин белгиледи.
Медициналык жардам көрсөтүү маселеси 17-январда Тышкы иштер министрлигинде Афганистандын Кыргызстандагы өкүлү менен болгон жолугушуусунда талкуулангандыгы кошумчаланды.
Жаңы үйлөрдүн курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат
Жаңылыктар түрмөгү
0