Бишкекте төрт троллейбустук каттам убактылуу токтотулду

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги троллейбустар. Архив
Бишкектеги троллейбустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
Бүгүн-эртең Шавкат Мирзиёевдин сапарына байланыштуу жолдор маал-маалы менен жабылып турат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаада төрт троллейбустук каттам убактылуу токтотулгандыгын кабарлады.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин келишине байланыштуу Фучик көчөсүнөн Чүй проспектине чейин жана Чүйдөн Манас проспектине чейин жабылат.
"Буга байланыштуу №11, 6, 5 жана 14 троллейбустардын каттамы убактылуу токтотулат. Ал эми №2 жана 10 троллейбустардын маршруту өзгөрүп, алар Чүй проспекти менен эмес, Киев жана Москва көчөлөрү аркылуу өтөт", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектин бойлой мамлекеттик резиденцияга өтүүчү жол да маал-маалы менен тосулары айтылды.
Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары 26-27-январда болот.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын президентинин аппарат жетекчиси Сардор Умурзаков Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-өзбек бизнес-форумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
168 млн. долларлык келишимдер. Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда кол коюлган документтер
Жаңылыктар түрмөгү
0