Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргыз-өзбек бизнес форумунун жыйынтыгы менен 84 документке кол коюлду

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектени Кыргыз-өзбек бизнес форуму
Бишкектени Кыргыз-өзбек бизнес форуму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Жазылуу
Тараптар 1 миллиард 670 миллион долларга бааланган эки тараптуу 84 документке кол коюшту.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов "Кыргызстан — Өзбекстан" бизнес-форумунун жыйынтыгына токтолду.
© Sputnik / Акбар АкжигитовЭкономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов
Заместитель министра экономики и коммерции Канатбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Экономика министрлигинин Өзбекстан менен болгон келечектүү экономикалык долбоорлору" аталышындагы брифингге катышты.
Форумга эки өлкөнүн бизнес жана расмий чөйрөлөрүнүн 300дөн ашык өкүлү катышты. "Экономикалык кызматташтыктын келечеги", "Ишкердик кызматташуу" панелдик талкуулары, аймактардын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Аймактык интеграция жана экономикалык өнүгүү" тегерек столу өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында 1 миллиард 670 миллион долларга бааланган эки тараптуу 84 документке кол коюлду. Анын ичинде:
300,3 миллион долларга 29 инвестициялык келишим;
1,155 миллиард долларга 52 экспорттук келишим;
223 миллион долларга 3 импорттук келишимге кол коюлду.
Эки өлкөнүн айыл чарба министрликтери агроөнөр жай комплекси жаатында кызматташуу боюнча жол картасын бекитти. Аны менен катар 55,5 миллион долларлык жети инвестициялык долбоорду жана Кыргызстанга мөмө-жемиш, жашылчаларды жеткирүү, Кыргызстандын картошкасын, бодо жана майда малын сатып алуу боюнча 373 миллион долларлык үч соода келишимине кол коюлду.
Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Кыргызстан менен Өзбекстан президенттеринин жолугушуусу башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0