Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол койду

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев
Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Жазылуу
Эки президент декларациянын жоболорун ишке ашыруу эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн андан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирген.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Өзбекстан президентинин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында тараптар Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулган учурунан тартып 30 жылдын ичинде эки өлкөнүн байланышы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткендиги белгиленген.
Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстан башчылары аталган декларациянын жоболорун ишке ашыруу эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн андан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним артышты.
Саясий өз ара аракеттенүү:
кыргыз-өзбек мамилелери жогорку саясий ишенимди жана эки мамлекеттин башчыларынын узак мөөнөттүү стратегиялык өз ара аракеттенүүсү негизделди;
парламенттер аралык кызматташуунун оң динамикасы;
тараптар эл аралык жана региондук проблемалар боюнча үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүүгө даярдыгын ырастады;
тараптар туруктуулукту, коопсуздукту чыңдоого жана эки өлкөнүн биргелешип гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним артты;
БУУ, ШКУ, КМШ, ТМУ, ЕККУ сыяктуу жана башка көп тараптуу институттардын алкагында, анын ичинде бири-биринин эл аралык демилгелерине өз ара колдоо көрсөтүүнү улантуу ниетин ырастады;
коңшу Афганстандагы абалды турукташтыруу, Борбордук Азияда тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо үчүн өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо белгиленди;
эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, юридикалык жана жеке жактарынын ортосундагы түз байланыштар колдоого алынат.
Коопсуздук маселелери боюнча өз ара аракеттенүүдө тараптар:
эл аралык терроризм, экстремизм идеологиясы, баңги трафиги, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз миграция жана башка коркунучтар менен күрөшүүдө биргелешкен чараларды көрөт;
жаштар арасында экстремизм идеологиясынын жана зомбулуктун жайылышына каршы аракеттенет;
эл аралык маалыматтык коопсуздук жана киберкоопсуздук маселелери боюнча кызматташууну чыңдайт;
аскердик жана аскердик-техникалык жааттагы кызматташууну өнүктүрүүнү, тиешелүү келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүүнү улантат.
Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүдө тараптар:
инвестициялык кызматташууну тереңдетүү, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, эки өлкөнүн ишкерлерин колдоо, өнөр жайда, айыл чарбада, кайра иштетүү секторунда жана экономиканын башка тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенет;
эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрүнүн жана ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосунда практикалык өз ара мамилесин чыңдайт;
Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин башталганын белгилеп, фонддун ишин активдештирүүнү улантат;
айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу, калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо, үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо жаатында күч-аракеттерди жумшайт;
бажы чөйрөсүндө кызматташууну андан ары да чыңдоону, жаңы техникалык каражаттарды колдонууну көздөйт.
Суу-энергетикалык жаатта өз ара аракеттенүүдө тараптар:
суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдаланууга;
өз ара пайдалуу шарттарда жаратылыш газын жана электр энергиясын сатып алууга, жеткирүүгө жана транзиттөөгө даярдыгын билдирет.
Транспорттук-коммуникациялык кызматташтыкта тараптар:
өлкөлөрдүн ортосунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташууну, транзиттик жана туристтик агымды ырааттуу көбөйтүү үчүн шарттарды андан ары жакшыртуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону улантат;
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун тез арада ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт;
Ташкент — Андижан — Ош — Эркеч-Там — Кашкар эл аралык мультимодалдык маршруту боюнча өлкөлөрдүн ортосундагы жүк ташууларды көбөйтөт;
өлкөлөрдүн ортосундагы авиарейстердин географиясын кеңейтүүнү жана санын көбөйтүүнү жактайт.
Региондор аралык кызматташууда тараптар:
эки өлкөнүн чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ийгиликтүү ишин белгиледи;
эки өлкө ортосунда чек ара соодасын андан ары өнүктүрүүгө, региондор аралык байланыштарды жана туризмди кеңейтүүгө өбөлгө түзүүчү кошумча өткөрүү пункттарын этап-этабы менен ачууга даярдыгын билдирди.
Маданий-гуманитардык кызматташууда тараптар:
билим берүү жана илим, маданият жана искусство, туризм жана спорт жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө, эне тилин, улуттук маданиятын, каада-салттарын сактоого жагымдуу шарттарды түзөт;
дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында 2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн жана Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрөт;
туризм, анын ичинде зыярат-туризм чөйрөсүндө тыгыз өз ара аракеттенүүнү жактайт;
саламаттык сактоо, фармацевтика, медициналык билим берүү жана илим жаатындагы байланыштарды тереңдетүүгө ниеттенет;
ЖОЖдор ортосундагы байланыштарды, тажрыйба алмашууларды, илимий долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну, өз ара илимий-практикалык конференцияларды жана билим берүү иш-чараларын уюштурууну колдойт.
Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Кыргыз-өзбек чек арасы: тараптар ратификациялык грамоталар менен алмашты
Жаңылыктар түрмөгү
0