Ажары аңыз болуп... Өзбекстандын канайымы Зироатхон Хошимова тууралуу фактылар

© AFPӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Жазылуу
Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келди. Учурда ажону коштоп келген канайым Зироатхон Хошимованын ажарына, табитине суктангандар көп болууда.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхон Хошимова тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.
Коңшу өлкө башчысынын жубайы тууралуу басма сөз беттеринде маалымат жокко эсе. Ошентсе да айрымдарын топтогонго аракет кылдык.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзеёвдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары
Официальный визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзеёвдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары
Туулган жери, ата-энеси. Зироатхон Хошимова Фергана өрөөнүнүн Кокон шаарында төрөлүп-өскөн. Атасы Махмуджон Хошимов шаардын кадыр-барктуу адамдарынын бири болгон. Убагында ал Орто Азиянын Кокондогу темир жол камсыздоо бөлүмүн жана "Дорресторан" вагон-ресторандарын башкарган. Айрым маалыматтар боюнча, атасы Фергана өрөөнүндөгү эң бай кишилердин бири эле. Апасы тууралуу так маалымат жок. Биринчи айымдын ата-энеси такыба жана талапты катуу койгон адамдар болгон деп айтылат. Үйүндөгүлөр Зироатхонду Ойхон деп аташчу.
 
Кесиби. Хошимова кесиби боюнча инженер-экономист. Ал Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Бирок учурда кесиби боюнча эч жерде иштебейт, үй кожойкеси.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭки өлкөнүн ажолору канайымдар менен
Официальный визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Эки өлкөнүн ажолору канайымдар менен
Институттан табышкан түгөйлөр. Зироатхон Хошимова менен Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги Айыл чарба институтунан табышкан. Институтта Мирзиёев комсомолдор комитетинин катчысы, ал эми Хошимова жакшы окуган студенттердин бири экен. Окуу жайдагылар аларга суктанып, жарашыктуу жана интеллектуалдуу түгөйлөр деп атап коюшчу. Бирок экөөнүн баш кошуусуна кыз тарап каршы болгон. Айрыкча Зироатхондун чоң атасы менен чоң апасы макул болбой, жаштар Мирзиёевдин өжөрлүгүнүн аркасы менен сүйүүсүнө жеткен.
Балдары. Өзбекстандын биринчи айымы Шахноза жана Саида аттуу эки кызды жана Даврон аттуу уулду жарыкка алып келген. Кыздары турмушка чыккан. Айрым маалымат булактары күйөө балдарынын бири Мирзиёевдин жан сакчысы экенин жазып жүрүшөт. Учурда Саида мамлекеттик кызматты аркалап, коомдук турмушка активдүү аралашып жүрөт.
© AP Photo / Anvar Ilyasov / PoolӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв үй-бүлөсү менен
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев со своей семьей в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв үй-бүлөсү менен
Алишер Усмановдун кудачасы. Ачык маалымат булактарына таянсак, Зироатхон Хошимова россиялык миллиардер Алишер Усмановго кудача болот. Тагыраагы, Хошимованын бир тууган эжеси Сиёранын кызы Диора Алишер Усмановдун жээни Бабур Усмановго турмушка чыккан. Бирок Бабур Усманов 2013-жылы жол кырсыгынан көз жумган.
Эл менен баарлашууну жактырат. Журналисттер Хошимова киши менен бат тил табышкан адам экенин айтып, коомдук ишмерлер жана билими, маданияты жогору адамдар менен баарлашып пикир алышууну жактырарын жазышкан. Ошондой эле илим, билимге, адабият жана искусствого кызыга турганы айтылат.
Өзбекстандын прзедиенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2019
Манаста төрөлүп, энесинен эрте ажыраган... Шавкат Мирзиёев тууралуу 8 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0