Германиянын канцлери Шольц дүйнө көп полярдуу болушун жактайт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүГерманиянын канцлери Олаф Шольц. Архив
Германиянын канцлери Олаф Шольц. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Жазылуу
Шольц Түштүк Американын үч өлкөсүн кыдырды.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Германиянын канцлери Олаф Шольц көптөгөн өлкөлөрдүн бири-бири менен кызматташуусун камтыган көп полярдуу дүйнөнү жактайт. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ал Аргентинанын La Nación, Чилинин El Mercurio, Бразилиянын O Globo басылмаларына маек берген.
"Дүйнө көп полярдуу болоруна бекем ишенем. Келечекте эки гана блок эмес, Азия, Африка жана Латын Америкасында бир нече таасирдүү мамлекет болот. Бул дүйнө бир канча мамлекеттердин өз ара кызматташуусу үчүн көп тараптуу болушу керек", — деди Шольц.
Канцлер БУУнун уставына, адам укуктарына жана мыйзам үстөмдүгүнө таянган тартипти жактай турганын белгиледи.
Шольц кечээ, 28-январда, бизнес-делегациянын коштосунда Түштүк Американын Аргентина, Чили жана Бразилия өлкөлөрүнө үч күндүк иш сапары менен кеткен.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германия канцлери Украинадагы жаңжалдын аякташы боюнча божомолун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0