Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

2022-жылы канча айдоочулук күбөлүк берилди? Статистика

© Sputnik / Жоомарт УраимовИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев
ИИМдин Унаа мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
Жазылуу
ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев 2022-жылдагы айдоочулук күбөлүк боюнча статистикалык маалыматтарга токтолду.
Өткөн жылы өлкө боюнча жалпы 582 877 жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменге катталды. Бул тууралуу Бакытбек Шералиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
2022-жылы канча айдоочулук күбөлүк берилди? Статистика
Анын айтымында, Кыргызстан боюнча жалпы 167 833 айдоочулук күбөлүк берилген.
"Жөнөкөйлөштүрүп түшүндүрө турган болсок, 2022-жылы 100 жаран сынак тапшырса, анын ичинен 32 киши айдоочулук күбөлүк ала алды. Кыргызстан боюнча өткөн жылы жалпы 167 833 айдоочулук күбөлүк берилди. 582 877 жаран экзаменге катталып, 111 169 жаран сынакты ийгиликтүү тапшырган. 78 954 киши алгачкы ирет документ алды. Башка категорияга окуу боюнча 25 324 жаран кайрылган. Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга жана жоготуп алган учурда келген жарандардын саны 63 555 болду. Ал эми эл аралык күбөлүк жалпы 3 045 кишиге берилди", — деди Шералиев.
Ал ошондой эле 2022-жылы 3 222 жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн чет өлкөлөрдөн кайрылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0