Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШда Ирандын объектилерине урулган соккуга Киевдин реакциясы кескин сынга алынды

© AP Photo / Nariman El-MoftyЦентральная площадь Киева
Центральная площадь Киева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
Жазылуу
Окуяга Израилдин, АКШнын катыштыгы бар экени айтылууда.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Ирандын объектилерине урулган соккуга Украина бийлигинин реакциясы Киевдин үчүнчү дүйнөлүк согуш отун тутандыруу ниетинен кабар берет. Бул тууралуу Gray Zone баяндамачысы Макс Блюменталь жазып чыкты.
"Украинанын бийлик адамдары жана майдандан кийинки улуттук режимдин жактоочулары Ирандын аскердик объектилерине жасалган соккуну катуу майрамдап, үчүнчү дүйнөлүк согуштун тарапташы экенин тастыктоодо", — деп айтылат макалада.
Эскерте кетсек, Ирандын аскердик объектилерине белгисиз учкучсуз учактар чабуул жасап, соккудан кийин Исфахандагы ок-дары кампасында, Тебриздеги аскердик заводдо жана бир катар шаарлардагы башка аскердик инфраструктуралык объектилерде дагы жарылуулар болгон.
Федерация кеңешинин сенатору Сергей Цветков менен Мамлекеттик думанын депутаты Вячеслав Никонов буга чейин дрондордун чабуулуна АКШнын тиешеси болушу мүмкүн экенин божомолдошкон. Ал эми Пентагондун расмий өкүлү Патрий Райдер мындай пикирди четке каккан болчу.
Өз кезегинде Wall Street Journal гезити Ирандын объектилерин кол салуунун артында Израиль турат деген ойдо. IRNA агенттиги Израиль Иранда болуп өткөн жер титирөө жана бир катар жарылуулардан кийин "медиа чабуулга" өтүп, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн аталган окуяларды байланыштырууга аракет кылганын жазды. Ал эми Al-Arabiya телеканалы дрондордун чабуулуна АКШнын авиациясы катышышы ыктымал экенин билдирген.
Украинанын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Украинаны эң керектүү бир ресурсу үчүн тынымсыз колдоп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0