Баткенде эки жашка толо элек кызын сабаган аял камакка алынды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКишенчен аял. Архив
Кишенчен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2023
Жазылуу
Буга чейин кыздын атасы милицияга кайрылып жарандык никедеги аялына кызын сабагандыгы үчүн чара көрүүнү өтүнгөн.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы наристе кызын сабаган аял 48 саатка Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгендигин маалымдады.
Кечээ Кыргызстандагы социалдык тармактарда энеси кызын сабап жаткан видео тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.
Билдирмеге ылайык, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси "Баланы, алсыз адамды же күнөөлүү адамдан материалдык жактан көз каранды болгон кишини, ошого тете уурдалган же барымтага алынган адам катары кармалган жаранды кыйноо") боюнча кылмыш иши козголгон.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 27-январда аларга Кадамжай районунун 39 жаштагы А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда А.Б. видеодо жарандык никеде жашаган Ш.М. аттуу аялы алардын ортодогу кызын сабап салганын билдирген.
Милиция тергөө иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталганын кабарлады:
А.Б. менен Ш.М. 2020-жылдын март айында чогуу жашай башташкан, бир жылдан кийин алар А.Х. аттуу кыздуу болушкан;
үстүбүздөгү жылдын январь айында жубайлар эки бөлөк жашай баштаган, ушундан улам Ш.М. кызын сабап, видеого тартып, бөбөктүн атасына жөнөткөн;
Сабалган А.Х. аттуу кызга карата соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
Баткенде энеси сабаган бөбөк коопсуз жерге жайгаштырылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
Министрлик: Баткенде энеси сабаган бөбөк коопсуз жерге жайгаштырылды
Жаңылыктар түрмөгү
0