Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мыкты деп табылган айыл өкмөттөрүнө 12 млн. сомдон бөлүү пландалууда

© Sputnik / Асель АкматМамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин бөлүм башчысы Таалайгүл Мамасалиева. Архив
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин бөлүм башчысы Таалайгүл Мамасалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Жазылуу
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин бөлүм башчысы Таалайгүл Мамасалиева сынактар улантыларын айтты.
Жыл сайын айыл өкмөттөрү ортосунда өтчү конкурста мыкты айыл өкмөтү номинациясын жеңип алган жергиликтүү бийликке буга чейин 6 миллион сомдон ыйгарылса, эми аны көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу Таалайгүл Мамасалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мыкты деп табылган айыл өкмөттөрүнө 12 млн. сомдон бөлүү пландалууда
Анын айтымында, стимул берүүчү гранттарды да үч миллиондон беш миллионго көтөрүү каралууда.
"Аймактарды өнүктүрүү максатында айыл өкмөттөр арасында жыл сайын конкурс уюштурулуп келет. Анда мыкты көрсөткүчкө жеткен жергиликтүү администрацияга алты миллион сом сый акча ыйгарылчу. Бул сумманы 2023-жылдан тарта 12 миллионго көтөрүүнү пландап жатабыз. Мындан сырткары, айыл өкмөттөрү эле эмес, шаарлар ортосунда, жергиликтүү кеңештер аралык да конкурстарды уюштуруу каралып жатат", — деди Мамасалиева.
Ал конкурстун жыйынтыгы ар жылдын соңунда чыгарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0