"Аманат инвесттин" жетекчиси Камбаров: Баткендеги үйлөр мартта курулуп бүтөт

© Sputnik / Эламан КарымшаковБашкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясынын директору Давид Камбаров
Башкы подрядчы Аманат курулуш инвест компаниясынын директору Давид Камбаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Жазылуу
Камбаров эмне үчүн башында үйлөрдүн баарын эки айда куруп бүткөрүүнү убадалаганын да түшүндүрдү.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясынын директору Давид Камбаров Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча суроолорго жооп берди.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери убагында бүтпөй калганы боюнча чыккан материалдан кийин журналисттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында башкы подрядчы Давид Камбаров да суроолорго жооп берди. Ал фирмасы жаңы ачылганы менен өзүнүн тажрыйбасы бар экенин айтууда.
"Эң башкысы биздин тажрыйбабыз бар. Куруучу адамдарбыз. Өзүбүздүн командабыз бар. Курулушта биринчи күнү болуп жаткан жокпуз. Мен илгертен бери эле курулуш бизнесинде жүрөм, долбоорлоо компанияларында иштегем. 2018-жылдан кийин курулуш тармагына толук киришип баштагам. "Аманат курулуш инвестти" кошумча кылып алганбыз. Себеби биздин дагы жумуштарыбыз бар. Чек ара окуялары болгондон кийин четте карап тура алган жокпуз. Жарандык позициябызды көрсөтүп, мамлекетке пайдабыз тийсин деп чын жүрөктөн ушуга барганбыз", — деди Камбаров.
Ошол эле учурда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Камбаровду 2021-жылкы чек ара кагылышынан кийин өз каражатына Баткенге сип-панель тибиндеги үйлөрдү салып берген ишкер катары тааныштырды.
"Давид Камбаров сип-панелдерди Түркиядан алып келип өз каалоосу менен бекер салып берген. Ал 3,7 миллион долларлык 140 турак жайды элибизге белек кылган", — деди Туманбаев.
Андан соң Камбаров ишин илгерилетүү үчүн "Аманат курулуш инвест" компаниясын 20 жаштагы Бекбол Жанабек уулунан былтыр 4-июлда сатып алганын билдирди.

"Кошумча фирма алып ишкердигимди кеңейтейин дегем. Субподрядчы компанияларда иштегем. Анан мыйзам чегинде иш кылалы деп фирманы издеп жатканда ушул баладан (Бекбол Жанабек уулу — ред.) алгам", — деди Камбаров.

Ошондой эле Бишкектеги тез татым ресторанында иштегенин тастыктады.
"Мен Россияда ашпозчу болуп иштегем. Бишкектеги тез татым ресторанына Москвада чогуу эмгектенген ашпозчу балдар чакырган. Мен анда менеджер болуп ишти көзөмөлдөп тургам. Франшиза менен иштөөнүн талаптары бар. Кыргызстанда мындай бизнес өнүкпөгөндүктөн ишти жүргүзүүгө чакырышкан. Бул жакка келгенден кийин Каныбек Туманбаев менен тааныштым. Айылдаш экенибизди да ошондо билдим", — деди Камбаров.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Туманбаев: “Аманат курулуш” компаниясына менин эч кандай тиешем жок
Ал эми "Жаңы жылга чейин канча үй куруп бүттүңүздөр эле?" деген суроого мындайча жооп берди.
"Жаңы жылга чейин 45 үй даяр болгон, бирок бир аз жумуштары калган. Аларды ээлерине тапшырыш үчүн баары жайында болушу керек. Биз бүтпөгөн үйлөргө кирип жашагыла деп айта албайбыз. Эки үй толугу менен бүткөн, ошону президент келгенде көрсөттүк. Деген менен бардык жерде бригадалар иштеп, курулуш жүрүп жаткан. Бүгүнкү күндө жашаганга жалпысынан 75 турак жай берилди. Эки жумадан кийин дагы 25 үй даяр болот. Март айынын башында 420 үйдү толугу менен бүткөрүп тапшырабыз. Буга сөз бере алам. Суу чыгарган септиктер, бетон куюу сыяктуу сырткы жумуштары калышы мүмкүн", — деди Камбаров.
Мындан сырткары, ал эмне үчүн башында үйлөрдүн баарын эки айда куруп бүткөрүүнү убадалаганын да түшүндүрдү.
"Усталарды чогултууга, жерди даярдоого көп убакыт кетти. Усталар коркуп качып кеткен учурлар да болду. Биз башында сип-панелдер менен курабыз деп пландап, эки айлык убакытты айтканбыз. Бирок кийин эл талап кылгандыктан дубалын кыш менен уруп, плита төшөлө турган болуп калды. Ошондон улам узарып кетти. Бизге мамлекеттен акча келип түшөрү менен бир күн кармабай субподрядчыларга которуп жатканбыз. Эң башкысы жыйынтык болсун деп алдын ала дагы бергенбиз. Кээ бирлери ишти бүткөрүү актысын кечиктиргени үчүн акчасын ала албай калышы мүмкүн", — деди компаниянын директору.
Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы? Иликтөө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы? Иликтөө
Жаңылыктар түрмөгү
0