Адистер аялдарга климакстан кийин да текшерилип турууну эскертишти

© Sputnik / Абзал КалиевОоруканадагы аял. Архив
Ооруканадагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги жатын моюнчасындагы рактын алдын алуучу жолдорду айтты.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору 35 жаштан 65 жашка чейинки аялдарды бир жылда эки жолу гинекологго барып, мазок тапшырып турууга чакырды. Адистер ооруну эрте аныктап, айыктыруу менен ракты алдын алууга болорун белгилешкен.
"Бүгүнкү күндө жатын моюнчасынын рагын адамдагы папиллома вирусу пайда кылары белгилүү, ал вирус жыныс органдары аркылуу жугат. Илдетти алдын алуу үчүн жылына бир-эки ирет гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп тургандан тышкары жыныстык катнаш башталганга чейин ага каршы эмдөөдөн өткөн туура. Ошондой эле "төшөктөгү иреттүүлүк" (төшөктө өнөктөштөрдү улам-улам алмаштырбай, презерватив колдонуп) да маанилүү", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Дарыгерлер 30 жашка чейинки кыз-келиндер жыныстык органдарында эч кандай оорунун белгилери болбосо бир жылда бир жолу текшерүүдөн өтүп турганы жетиштүү болорун белгилешкен. 35 жаштан кийин жылына эки жолу текшерүүдөн өтүү сунушталат. Адистер аялдар климакс келгенден кийин дарыгерге баруунун зарылчылыгы жок деп эсептешерин, бул жаңылыш ой экендигин белгилешти.
"Климакс башталгандан кийин деле рактын пайда болуу ыктымалдуулугу жоголбойт", — деди министрликтен.
Орулуу аялдын сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
"Негизи ооруну үйгө эркектер алып келет". Гинекологдун аялдарга кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0