Бийлик тажик учактарына Кыргызстандын асманынан учууга уруксат берди

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАсманадагы учак. Архив
Асманадагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Жазылуу
Мындай өтүнүч менен Кыргызстанга тажик авиакомпаниясы кайрылган.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясынын учактарына Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу белгилүү мөөнөткө учууга уруксат берилгенин Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги билдирди.
Тажик компаниясы тиешелүү өтүнүч менен Кыргызстанга кайрылган. Авиакомпания 5-февралда Душанбе — Новосибирск — Душанбе багыты боюнча бир рейс жана 8-февралдан 21-мартка чейин Душанбе — Үрүмчү — Душанбе багыты боюнча дагы бир нече рейс аткарууга ниеттенүүдө.
Каттамдар Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары менен аткарылат.
Кыргызстанга акыркы жылдары алып келинген өрт өчүрүүчү техникалар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
Өрт өчүрүүчүлөргө акыркы жылдары берилген техниканын саны
Жаңылыктар түрмөгү
0