КФС дене тарбия мугалимдерин машыктыруучулукка даярдайт

© Фото / Pexels / cottonbro studioДене тарбия мугалими сабак учурунда. Иллюстративдик сүрөт
Дене тарбия мугалими сабак учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Жазылуу
"Футбол мектепте" программасына Чүй облусу менен Бишкек шаарынан 60 дене тарбия мугалими тандалып алынган.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргыз футбол союзу "Футбол мектепте" программасын ишке ашыра баштады.
Маалымдалгандай, долбоор 9-февраль күнү мектеп жана балдар үйлөрүнүн дене тарбия мугалимдеринин жалпы чогулушу менен башталат. Программага Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы мектептерден 60 мугалим тандалган.
Долбоордун максаты — дене тарбия мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, балдарга карата зомбулукту алдын алуу, мугалимдерге футбол техникасынын негизги ыкмаларын жана биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөтүү.
Программа алты этаптан турат:
эки күндүк билим берүүчү программа;
"D" сертификатынын жана "C" лицензиясынын машыктыруучулук курстары;
миңден ашык окуучулардын катышуусунда мектептер ортосундагы достук турнирлерди жана фестивалдарды өткөрүү;
катышуучулар "D" сертификаты жана "C" категориясындагы машыктыруучу лицензиясын алган соң мугалимдиктен тышкары футбол боюнча машыктыруучу да болуп иштей алат.
Программа Азия футбол конфедерациясынын (АФК) каржылык колдоосу менен ишке ашууда.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Радио
Спорт бизнес коомчулугу менен иштешүүгө бел байлайт. Агенттиктин демилгеси
Жаңылыктар түрмөгү
0