Казакстанда магнитудасы 5,4кө жеткен жер титирөө катталды

© AFP / OLIVIER MORINЖер титирөөнүн магнитудасы. Архив
Жер титирөөнүн магнитудасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Жазылуу
Коңшу өлкөдөгү жер силкинүү Тараз, Шымкент шаарларында сезилген.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Казакстанда магнитудасы 5,4кө жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматта жер силкинүү Астана убактысы боюнча саат 19:02де болгону айтылган. Анын очогу Казакстандын түштүгүндө, Шымкент менен Түркстандын ортосунда жайгашкан.
Ал эми Шымкентте 2-3 баллга, Таразда 2 баллга жана Темирлан айылында 3 баллга сезилди.
“Жер титирөөнүн энергетикалык классы — 11.7, MPV магнитудасы — 5,4. Очоктун тереңдиги 5 чакырым” , — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Түркияда түндө магнитудасы 7,5ке жеткен жер титирөө катталып, бир канча шаарда үйлөр урап түштү.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 1498ге, жарадар болгондордун саны 7634кө жетти.
Кыргызстан ТИМинин саат 19:00гө берген маалыматына караганда, каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.
Ошондой эле жаратылыш кырсыгы Сирияда да катталып, акыркы маалыматтар боюнча, ал жакта кеминде 400 адам каза болду.
Бүгүн, 6-февралда, Түркияда болгон жер титрөөнүн кесепеттерин жоюу, урандылардын астында калган адамдарды издөө жана куткаруу үчүн Кыргызстандан 63 куткаруучу жөнөтүлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучу жөнөттү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0