Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды жасаган лаборатория табылды. Видео

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБорбор калаада синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу боюнча лаборатория аныкталып, баңгитоптун мүчөлөрү кармалышты
Борбор калаада синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу боюнча лаборатория аныкталып, баңгитоптун мүчөлөрү кармалышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Жазылуу
УКМКдан учурда республиканын аймагында синтетикалык баңгизат колдонуунун жана жайылтуунун тенденциясы өскөнү байкалгандыгын эскертти.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Борбор калаада синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу боюнча лаборатория аныкталып, баңгитоптун мүчөлөрү кармалышты. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Козголгон кылмыш иштин алкагында 2023-жылдын 4-февралында аталган баңгитоптун мүчөлөрү, чет элдик жарандар кармалды. Аларды тинтүү учурунда марихуана, "Мефедрон" синтетикалык баңгизатын жасоо үчүн прекурсорлор, тийиштүү приборлор жана аларды даярдоо боюнча нускамалар табылган", — деп айтылган маалыматта.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө В.М.В. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктаган. Андан соң УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө В.М.В. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктаган

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө В.М.В. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктаган - Sputnik Кыргызстан
1/3

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө В.М.В. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктаган

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Андан соң УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген

Андан соң УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген - Sputnik Кыргызстан
2/3

Андан соң УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Учурда аталган баңгиканалдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүүдө

Учурда аталган баңгиканалдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүүдө - Sputnik Кыргызстан
3/3

Учурда аталган баңгиканалдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүүдө

1/3

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө В.М.В. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктаган

2/3

Андан соң УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген

3/3

Учурда аталган баңгиканалдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүүдө

Учурда аталган баңгиканалдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.
УКМКдан учурда республиканын аймагында синтетикалык баңгизаттарды колдонуунун жана жайылтуунун тенденциясы өскөнү байкалгандыгын, бул улуттук коопсуздукка жана өсүп келе жаткан муундун, жаштардын ден соолугуна коркунуч жаратарын эскерткен.
Аталган комитет бул багытта маалыматтар болсо 0312660475 номерине чалып, билдирүүнү өтүндү.
Чүй облусунда синтетикалык баңгизат саткан лаборатория табылып, иши токтотулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2022
Чүйдө милиция баңгизат жасаган ири лабораторияны тапты. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0