Күйүк алган адам эмнелерди жасабашы керек? Дарыгердин кеңеши

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүКолун жууп жаткан адам. Архив
Колун жууп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Жазылуу
Адис күйүктөн кийин пайда болгон ыйлаакчаларды жарууга болбой тургандыгын эскертти.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Күйүк алганда кайсы элдик каражаттарды колдонууга болбой турганын медицина илимдеринин доктору Юлия Галлямова Sputnik радиосундагы маегинде санап өттү.
Дарыгердин айтымында, күйүктү дарылоо теринин жабыркаган даражасына жана аянтына жараша болот.
"Биринчи даражадагы күйүк алганда тери кызарат. Экинчи даражада ыйлаакчалар пайда болот. Бул эки даражадагы күйүктү өз алдынча дарыласа болот, бирок дарыгерге кайрылган оң. Үчүнчү даражада ткандар катуу жабыркайт. Бул учурда адистердин жардамы керек. Алакандын көлөмүнөн чоңураак жараланган ар кандай күйүктү өз алдынча дарылоо сунушталбайт", — деди Галлямова.
Жеңил күйүк алган учурда биринчи кезекте териге муздак нерсе коюу керек. Ооруну басаңдатуу үчүн курамында декспантенолу бар майды же эң жакшысы күйүккө каршы таңгычтарды колдонууга болот.
"Өтө чоң эмес күйүктү дарылоодо эң жакшы элдик каражат — бул кир жууган самын. Ал сезгенүүнү жакшы басат. Ошондой эле эмендин кабыгынан жасалган кайнатма да жардам берет. Бирок эч качан майды же каймакты колдонбоңуз. Ал инфекциянын пайда болушуна шарт түзөт", — деп эскерткен дарыгер.
Адистин айтымында, биринчи жана экинчи даражадагы күйүк он күнгө чейин айыгат. Бирок пайда болгон ыйлаакчаларды жарууга болбойт жана жабыркаган терини күндүн нурунан коргоо керек.
Ооруканадагы бөбөк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Бөбөк күйүп калганда көрсөтүлүүчү биринчи жардамдын тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0