Ден соолукту чыңдоо борбору шарт жок болсо да кыймылды көбөйтүүнүн жолдорун айтышты

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүТепкич менен көтөрүлүп бараткан кыз. Архив
Тепкич менен көтөрүлүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Жазылуу
Адистер дүйнөдө адамдар жетиштүү кыймылдап турушса жылына 5 миллион өлүмдү алдын алууга мүмкүн болорун белгилеген.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору кеңседе эртеден кечке отуруп иштегендерге кеңеш берди.
Борбордун адистери адамдар "азыр шартым жок, көнүгүүлөрдү кийин деле жасайм" деп көп убактысын өткөрүп жибериши мүмкүн экенин белгилеп, шарт болбосо дагы кыймылды көбөйтүүнүн жолдорун тизмектешти:
Жумушка чейин жөө басыңыз же велосипед менен барыңыз;
Эгерде үйүңүз жумуштан алыс болуп автоунаа менен келүүгө туура келсе, унааңызды бир нече чакырым алыстыкка токтотуп кеңсеге чейин жөө басыңыз. Коомдук транспорт менен келсеңиз аялдамыңызга жетпей түшүп калыңыз;
Ишке барганда лифттен көрө тепкич менен чыгыңыз. Тепкич менен жогору чыгып, ылдый түшүү эң мыкты кардиокөнүгүү болуп саналат;
Жумуш учурунда да көбүрөөк басканга аракет кылыңыз. Мисалы, телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда отургандан көрө туруп алган оң. Кесиптештер менен бир идеяны талкуулоо зарыл болсо чалып же жазбай, ал отурган жерге барып бетме-бет сүйлөшүүнү адат кылыңыз.
Жумуш ордуңузда отурганда бардык керектүү буюмдарды кол жеткен жерге койбоңуз. Кайсы бир буюмду алуу үчүн ордуңуздан турууга туура келгендей кылып жайгаштырыңыз.
Иш убактысында отургучтан туруп аз убакыт болсо да көнүгүүлөрдү жасаңыз. Жумуш берүүчүлөр буга шарт түзүп, мекеменин ичине көнүгүү жасоого ылайыктуу жабдыктарды коюп берсе, демек, абдан жакшы көрүнүш. Андай шарт жок болсо деле көнүгүү жасаса болот. Отургучтан туруп оор эмес кыймылдарды жасаңыз.
Отургучта отуруп деле көнүгүүлөрдү жасап турууга болот. Мисалы, далыңызды кулакка жакындаганга чейин көтөрүп, кайра акырын түшүрүңүз. Бул көнүгүүнү 10-15 жолу кайталасаңыз кадимкидей жеңилдей түшөсүз.
Жумушта такыр кыймылсыз отурганга караганда, жок дегенде 10-15 мүнөттүк көнүгүүлөр алда канча пайдалуу экендигин эстен чыгарбаңыз.
"Кыймыл жүрөктүн, мээнин, деги эле организмдин жакшы иштешин шарттайт. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларын, рак, кант диабети өңдүү жугуштуу эмес илдеттерди алдын алып, айрымдарынын айыгышына өбөлгө болот. Дүйнөдөгү чоң адамдардын ар бир төртүнчүсү талаптагыдай кыймылдабайт. Эгерде дүйнөдө адамдар көбүрөөк кыймылда жүрсө, жыл сайын 5 миллион өлүмдү алдын алууга мүмкүн болмок", — деп жазылат борбордун билдирүүсүндө.
Офисте тамактануу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Кеңседе иштегендер кандай тамакты жегени туура? Гастроэнтерологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0