Алмазбек Исманкулов менен мэриянын кызматкерлерине иш козголду

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратура. Архив
Башкы прокуратура. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Жазылуу
Маалыматка караганда, шектүүлөр материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкан.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын тийиштүү кызмат адамдарына "Коррупция" беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө "Көз микрохирургиясы" госпиталынын жетекчиси А.Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталган.
"Тактап айтканда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө.
Кишенделген аял. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Жалал-Абадда коррупцияга каршы бирикменин инспектору кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0