Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мэрия отканаларды иштетүүдө көмүрдөн баш тартууну пландап жатат

© Sputnik / Асел Акмат"Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын башкы инженери Нурмат Балтабаев
Бишкек жылуулук энерго коммуналдык ишканасынын башкы инженери Нурмат Балтабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Жазылуу
"Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын башкы инженери Нурмат Балтабаев от казандарды газдаштыруу боюнча маалымат берди.
Борбор калаадагы 15 от казан көмүрдөн газга өткөрүлөт. Андан тышкары жетөө газ жеткиликтүү болгончо электр энергия менен иштеп турат. Бул тууралуу Нурмат Балтабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мэрия отканаларды иштетүүдө көмүрдөн баш тартууну пландап жатат
Анын айтымында, от казандарды түркиялык компания лизингге берген.
"Борбор калаадагы 74 откананын 40ы газдаштырылган. Мунун ичинен 22 от казан көмүр, 12си электр энергиясы менен иштейт. Былтыр 50 от казан алуу боюнча мэрия түркиялык компания менен меморандум түзгөн. Анын ичинен 217 миң еврого 32 от казан борбор калаага лизингге алып келинди. Учурда көмүр менен иштеген 15 от казанды газга өткөрүү иштери жүрүүдө. Газ жете элек 7 от казан электр энергиясы менен иштеп турат. Мындан тышкары, эскирип, газды көп ысырап кылган от казандар алмаштырылат. Салыштырганда газ көмүргө караганда арзан болот. Ошол эле учурда көмүр менен иштеген от казанды иштетүүнүн чыгымы көп. Алсак, көмүрдү ташып келүү, жүктөө, жагуу, калдыктарын чыгаруу сыяктуу чыгымдарын эсептегенде газ кыйла ыңгайлуу болуп саналат", — деди Балтабаев.
Ошондой эле ал электрге жана газга коюлган тарифке жараша жылуулукка төлөнө турган акы дагы өзгөрүп турушу ыктымал экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0