Акылбек Жапаров өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн Дубайга барды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Жазылуу
Саммитте сөз сүйлөгөндөрдүн арасында SpaceX, Tesla компанияларынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, Meta компаниясынын өкүлдөрү, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бар.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Кабарда Жапаровдун өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышып, "Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте", "Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү" панелдик сессияларында сөз сүйлөй турганы айтылган

Кабарда Жапаровдун өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышып, "Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте", "Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү" панелдик сессияларында сөз сүйлөй турганы айтылган - Sputnik Кыргызстан
2/3

Кабарда Жапаровдун өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышып, "Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте", "Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү" панелдик сессияларында сөз сүйлөй турганы айтылган

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Мындан тышкары, БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө

Мындан тышкары, БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө - Sputnik Кыргызстан
3/3

Мындан тышкары, БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө

1/3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

2/3

Кабарда Жапаровдун өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышып, "Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте", "Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү" панелдик сессияларында сөз сүйлөй турганы айтылган

3/3

Мындан тышкары, БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө

Кабарда Жапаровдун өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышып, "Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте", "Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү" панелдик сессияларында сөз сүйлөй турганы айтылган. Мындан тышкары, БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө.
Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммити 13-15-февраль күндөрү "Келечектин өкмөттөрүн түзүү" урааны астында өтөт. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин президенттери, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышары айтылды. Саммиттин программасында 200дөн ашуун сессия жарыяланган, 300дөн ашуун баяндама окулат.
Саммитте сөз сүйлөгөндөрдүн арасында SpaceX, Tesla компанияларынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, Meta компаниясынын өкүлдөрү, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бар.
Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммити (ДӨС) — 2013-жылы түзүлгөн көз карандысыз жана коммерциялык эмес уюм, саммиттери жыл сайын өткөрүлөт. Саммитти негиздөөдө анын уюштуруучулары бул иш-чараны Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун аналогу катары көрсөтүшкөн.
Буга чейин өткөрүлгөн саммиттин ар кайсы убактагы баяндамачылары SpaceX жана Tesla компанияларынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, Дүйнөлүк экономикалык форумдун негиздөөчүсү жана аткаруучу төрагасы Клаус Шваб, Иорданиянын ханышасы Раниа Аль Абдулла, БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Дүйнөлүк банк тобунун экс-президенти Джим Йонг Ким, Apple Inc. компаниясынын тең негиздөөчүсү Стив Возняк, Испания Королдугунун экс-премьери Хосе Сапатеро, Перс булуңундагы Кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Абдул Латиф Аль Заяни, Пакистандын премьер-министри Имран Хан болгон.
Өлкө башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2023
Садыр Жапаров биринчи айым менен Венгрияга учуп кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0