АКШ Конгресси COVID-19дун келип чыгышын иликтөөгө киришти

© AP Photo / J. Scott ApplewhiteВашингтондогу АКШнын Капитолий имараты
Вашингтондогу АКШнын Капитолий имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Жазылуу
Буга чейин АКШ коронавирустун таралышы жана пайда болушу боюнча расмий түрдө Кытайды бир нече ирет күнөөлөгөн, бирок айныксыз далил таба албай келет.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Республикачылар көзөмөлдөгөн америкалык Конгресстин өкүлдөрү АКШ администрациясынын жогорку аткаминерлеринен жана мурдагы башкы эпидемиолог Энтони Фаучиден тиешелүү маалыматтарды талап кылып, COVID-19дун генезисин иликтөөгө киришти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Палатанын коронавирус пандемиясына көзөмөл кылып келген комитетинин алдындагы атайын комитет аталган вирустун кытайлык лабораторияда АКШдан грант алгандан соң жасалып, андан кийин жайылып кеткен деген версияны иликтемекчи.
"Коронавирус пандемиясы алып келген бир нече жылдык азаптарынан жана өкмөттүн ага карата көргөн чараларынан кийин америка эли реалдуу жоопторду алууга акылуу. Иликтөө бул вирустун кайда жана кантип пайда болгонунан башталышы керек", — деп айтылган комитеттин теңтөрагасы Брэд Венструптун сөзүнө таянып таратылган маалыматта.
Анын кесиптеши Жеймс Комер "Ухандагы (Кытайдагы шаар) коопсуздук сакталбаган лабораториядан вирустун жайылганы боюнча далилдердин арбыганын" билдирген. Эл өкүлү аталган жай EcoHealth Alliance деп аталган коммерциялык эмес уюм аркылуу америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасына каржыланган деген нерсени да айткан. Жеймс Комер АКШнын бийлиги муну билип туруп эле жашырып коюшу мүмкүн деген пикирин кошумчалаган.
Буга чейин АКШ коронавирустун таралышы жана пайда болушу боюнча расмий түрдө Кытайды бир нече ирет күнөөлөп, бирок ташка тамга баскандай далил таба албай келет. Ал эми мындай кине коюуга Кытай кескин жооп кылып, аны жалган жалаа, негизсиз айыптоо деген маанайдагы билдирүүлөрдү тараткан.
Коронавирус. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
АКШ Кытайга басым жасап, COVID-19дун кайдан келгенин таап чыгарын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0