Бишкек мэриясы жаңы келген 120 автобус кайсы маршрут менен жүрөрүн айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекке алып келинген жаңы автобустар. Архив
Бишкекке алып келинген жаңы автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Жазылуу
54 даана автобус 162 микроавтобустун ордун баса алат. Бул нерсе шаардын экологиясына оң таасир бермекчи.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Мэрия жаңы келген 120 автобус кайсы маршруттар менен жүрөрүн айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Zhongtong Bus Holding Co Ltd компаниясынан Zhongtong 6105 маркасындагы 120 жаңы автобус сатып алган.
Транспорт департаменти шаардын борбордук көчөлөрүн бошотуу үчүн каттамдардын маршруттары чийилген долбоорду даярдады. Анда айланма каттамдарды жана экологиялык жакшы системаны түзүү да каралган.
"Азыр эки айланма каттам бар — №48 жана 35. Алар "Аламүдүн", "Ош" базарларын, ошондой эле Батыш жана Чыгыш автобекеттерин бириктирет", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы автобустар иштеп жаткан маршруттук линиялар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
№35 автобустук каттам (Батыш автобекети – Темир жол бекети – Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. 14 автобус бөлүндү. №113 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат;
№48 автобустук каттам (Батыш автобекети — Чыгыш автобекети (айланма) узундугу 18 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. 14 автобус бөлүндү. №214 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат;
№38 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р. – 110 квартал) узундугу 37,4 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. Шаардын батыш жана чыгыш бөлүгүн камтыйт, 19 автобус бөлүнгөн;
№42 автобустук каттам (12 к/р. — Ала-Тоо ж/к) узундугу 49,6 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. Шаардын түштүк жана батыш бөлүктөрүн камтыйт. 19 автобус бөлүнгөн;
№7 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р — Достук дачалар айылы) узундугу 40,7 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. Шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн камтыйт. 20 автобус бөлүнгөн.
Ошондой эле Транспорт департаменти тарабынан №31, 49, 50, 19 автобус каттамдарынын жаңы кыймыл чиймелери иштелип чыккан:
№31 автобус (Ынтымак ж/к — айланма) узундугу 34 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. 14 автобус бөлүнгөн. Көрсөтүлгөн автобустук каттам №101 кичиавтобустук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат;
№49 автобус (Арча-Бешик ж/к – айланма) узундугу 24,2 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. 11 автобус бөлүнгөн. №33 кичиавтобусту алмаштырат;
№50 автобус (Рухий-Мурас ж/к — Жилгородок) узундугу 44 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн. 66 кичиавтобусту алмаштырат;
№19 автобус (Ак-Ордо ж/к – Кустанай көч.) узундугу 34 чакырым, аралыгы 7 мүнөт. 17 автобус бөлүнгөн. №51 кичиавтобусту алмаштырат.
Жогоруда айтылган 54 даана автобус 162 микроавтобустун ордун баса алат. Бул нерсе шаардын экологиясына оң таасир бермекчи.
Оң рулдуу машина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Оң рулдуу машина жана автобустардын ылдамдыгын чектөө боюнча долбоор
Жаңылыктар түрмөгү
0