Эркек киши таңда Канттагы кафеде ок чыгарып, күзөтчү жарадар болгон. Сүрөт

© AFP / ALI AL-SAADI Тапанча менен адам. Архив
Тапанча менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Жазылуу
Ысык-Ата райондук милициясы Бишкек шаарынын 37 жаштагы М.М. аттуу тургунун кармап, тергөө бөлүмүнө жеткирген.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кант шаарындагы "Империя пиццы" кафесинде эркек киши саат таңкы алтыларга чукул ок чыгарып, анын кесепетинен аталган жайдын күзөтчүсү жарадар болгон. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба МВД КРЗадержание мужчины стрелявшего в кафе на Иссык-Куле
Задержание мужчины стрелявшего в кафе на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Окуя 29-январда болгон.
"Саат 05:50лөр чамасында болжол менен 30-40 жаштагы киши кафенин 2-кабатында мас болуп, коомдук тартипти бузган. Травматикалык тапанча менен аталган жайдын күзөтчүсүн карай атып, 39 жаштагы кызматкер сол далысына ок жеген", — деп айтылган маалыматта.
ЖМКлар ок чыгарган киши алгач кафенин кызматкерлери менен урушуп сыртка чыгып кетип, бир нече сааттан соң кайрылып келип ок чыгарганын жазышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде Ысык-Ата райондук милициясы Бишкек шаарынын 37 жаштагы М.М. аттуу тургунун кармап, тергөө бөлүмүнө жеткирген. Андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө башталган.
Бычак кармаган адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Бишкектеги кафелердин биринде массалык мушташ болуп, эки киши бычак жеди
Жаңылыктар түрмөгү
0