Байден эмне үчүн "Түндүк агым" түтүктөрүн жардырууга барды. Чоо-жайы

© AFP / MANDEL NGANАКШнын президенти Жо Байден. Архив
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жазылуу
Херштин сөзүнө таянсак, АКШнын президенти улуттук коопсуздук боюнча команда менен "Түндүк агым" жаатында 9 айдан ашуун жүргүзүлгөн жашыруун талкуулардан кийин диверсияга баруу чечимин кабыл алган.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Германия Россияга каршы санкциялар режиминен чыгып кетет деген коркунучтан улам "Түндүк агымдарды" жардыруу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу РИА Новости америкалык белгилүү журналист-иликтөөчү Сеймур Херштин айтканына таянып жазды.
Berliner Zeitung басылмасынын журналисти Херш менен газ магистралдарындагы жарылуулар тууралуу жарыялаган макаласы боюнча маектешкен.
"Мындай чечимге (АКШ президенти тарабынан Балтика деңизиндеги газ куурларынын жардырылышы жөнүндө – ред.) Батыш үчүн согуштун (Украинадагы – ред.) анча жакшы эмес жүрүп жатканы жана жакындап келе жаткан кыштан корккону себеп болгон. "Түндүк агым - 2" эл аралык санкциялар эмес, Германия тарабынан токтотулган. АКШ аяздуу сууктан улам Германия санкциядан баш тартат деп корккон", — деген журналист.
2021-жылы Блумберг агенттиги маалымат булактарына таянып, "Түндүк агым - 2" долбооруна каршы чыгып жаткан АКШ өзүнүн көгүлтүр отун сунуштап, Германияны аталган долбоорго каршы чыгууга түртүп жатканын жазган эле. Бирок Берлиндин жаңы жетекчиси ал учурда буга макул болууга даяр эместигин билдирген. Кийинчерээк, 2022-жылы, Германия "Түндүк агым – 2нин" сертификациялоону токтоткон. Бул процедурасыз газ куурун ишке берүүгө мүмкүн эмес эле.
Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты газ магистралында болгон жарылуу боюнча иликтөөсүн 2023-жылдын 8-февралында жарыялаган. Анда америкалык суучулдар НАТОнун Baltops деп аталган машыгуулары учурунда, 2022-жылы жайында, "Түндүк агымдын" алдына жардыргыч коюшкан да аны үч айдан кийин норвегиялыктар иштетип, тагыраагы, жардырганы жазылган.
Херштин бекемдөөсүнө таянсак, АКШнын президенти Байден улуттук коопсуздук боюнча команда менен "Түндүк агым" жаатында 9 айдан ашуун жүргүзүлгөн жашыруун талкуулардан кийин диверсияга баруу чечимин кабыл алган.
Кийинчерээк РИА Новостиге россиялык газ куурун жардырууга АКШнын эч кандай тиешеси жок деген билдирүүсүн айткан. Мындай билдирүүнү Ак үй да жасаган. Ал эми мамлекеттик департамент АКШнын позициясына ишенүүгө чакырган.
Түндүк агым-1дин жарылган газ түтүгү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Жардырылган "Түндүк агымдын" суу түбүндөгү көрүнүшү. Биринчи видеокадрлар
Flightradar24 архивинен алынган тректерге жасалган РИА Новостинин анализине таянсак, "Түндүк агым" каналында жарылуу болгонго чейин ал жерлерди 2022-жылдын июнь айында АКШ жана Германиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн учактары Baltops-22 машыгуусунда үзгүлтүксүз айланып жүрүшкөн.
Flightradar24 агенттигинин маалыматына караганда, 8-16-июнь күндөрү Германиянын, АКШнын P-3 Orion жана P-8 Poseidon учактары болочок жарылуулар болчу жерлердин үстүнөн дайыма өтүп турушкан. Ошол эле учурда алар бир топ төмөндөп учуп, дээрлик ар бир рейсте транспондерлер өчүрүлгөндүктөн, айрым траекториялары порталдын тректерине жазылбай калган.
Атап айтканда, 2022-жылдын 8-июнунда суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы америкалык Poseidon учагы Борнхольм аралынын түндүк-чыгышында "Түндүк агым" түтүгүндөгү үч ирет жарылуу болгон жерлердин үстүнөн бир нече ирет айланып өткөн.
Терактылар 2022-жылдын 26-сентябрында Россиянын Европага газ экспорттогон "Түндүк агым — 1" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүндө болгон. Германия, Дания жана Швеция бул максаттуу диверсия болгонун четке какпайт. Nord Stream AG оператор-компаниясы буга чейин мындай авария болбогонун, калыбына келтирүү иштеринин мөөнөтүн болжоп болбой турганын билдирген болчу.
Кремль болгон окуяны террордук акт деп баалаган. Россия президенти Владимир Путиндин айтымында, "англосактар санкцияга ыраазы болбой", эми жалпы европалык энергетикалык инфраструктураны жок кылууга өтүштү. Вице-премьер Александр Новак өз кезегинде "Түндүк агымдарды" иштен чыгарууга аталган долбоорго каршылык көрсөтүп келген мамлекеттер кызыкдар болушу мүмкүн экенин айтып, мындай өлкөлөрдүн катарына АКШны, Украина жана Польшаны кошкон.
Россиянын Башкы прокуратурасы "Түндүк агым" газ куурун зыян келтирилген бул кадамдардан кийин эл аралык террорчулук актысы боюнча иш козгоо демилгесин алып чыкты.
РФ президенти Владимир Путин 2022-жылдын 31-октябрында "Газпром" жарылуу болгон жерге киргизилгендигин жана компаниянын башчысы Алексей Миллер изилденген иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат бергенин билдирген. Путин "Түндүк агымдагы" жардыруу теракт экени көрүнүп турганын айткан.
Түндүк агымдагы жарылуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2022
"Түндүк агым" качан оңдолот? Кремлдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0